Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:32

Казакстанда жаңжал чыккан айыл кайтарууга алынды


Түркстан облусундагы Шорнак айылы, 23-июль, 2020
Түркстан облусундагы Шорнак айылы, 23-июль, 2020

Казакстандын түштүгүндө жергиликтүү өзбектер менен казактардын калайман мушташы орун алды.

Түркстан облусундагы 11 миңдей тургуну бар Шорнак айылында өзбек жана казак тектүүлөр аралаш жашашат. Калайман мушташтын айынан үч адам жаракат алып, бир адам оор абалда ооруканага жеткирилген. 21-июлдагы жаңжалдан кийин айылдын аяк-башына тосмо коюлуп, көчөлөрдү атайын күчтөр аралап жүрөт. Айылга кирген-чыккандар тыкыр көзөмөлдөн өтүшүүдө.

Шорнакка барган "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, окуянын улут аралык мүнөзү бардыгына күбө болгон. Коңшу өлкөнүн бийлиги болсо калайман мушташ турмуш-тиричиликтен чыкканын билдирди.

Түркстан облустук полиция департаментинин билдирүүсүнө караганда, "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, төрт адам кармалды.

"Шорнак айылынын тургуну 21-июлда айылдаштары менен мушташа кеткен. Бир аздан соң белгисиз адамдар келип, жабырлануучунун жана кошунасынын үйүн ташбараңга алышкан. Анын айынан үч адам жаракат алган. Бири оор абалда ооруканага жеткирилген. Мушташты басуу үчүн барган полиция кызматкери да таяк жеген" - деп айтылат билдирүүдө.

Шорнак айылындагы атайын күчтөрдүн аскерлери, 23-июль, 2020
Шорнак айылындагы атайын күчтөрдүн аскерлери, 23-июль, 2020

Түркстан облусунун акиминин орун басары Сакен Калкаманов окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн Шорнакта атайын штаб түзүлгөнүн "Азаттыктын" кабарчысына айтты.

"23-июлда 40тай жигит чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышты. Бирок сөз бүткөн. Айыл аксакалдары, полиция, облусттук, райондук бийликтин өкүлдөрү келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Эми баарын сот чечет" - деген акимдин орун басары айылда кырдаал тынч экенин да айтты. "Эч кандай улут аралык жаңжал болгон жок, тек гана турмуш-тиричиликтен чыккан чыр" - деди Калкаманов.

Шорнактагы жергиликтүү тургундун терезеси чагылган машинеси, 23-июль, 2020
Шорнактагы жергиликтүү тургундун терезеси чагылган машинеси, 23-июль, 2020

Ал арада Шорнак айылындагы мушташтан кийин тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Анда бети-башы кан болгон полиция кызматкери тартылган. Полиция кызматкерин тегеректеп тургандар аны "чечкинсиздык кылдың" деп айыптап жаткандары даана угулат.

Жергиликтүү полиция бул видео боюнча "участкалык инспектор айылда ок атылып кетишинин алдын ала алды" деп билдирди. Казакстандын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө "Шорнак айылындагы участкалык инспекторго өзбек улутундагылардын кол салганы тууралуу тарап жаткан ушак-айың - калп" деп жазылган.

Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Шорнак айылында 21-июлда болгон мушташтан жабыркаган үч адам оорканага кайрылган. 27 жана 28 жаштагы жарандар орточо оор жаракат алышкан. 28 жаштагы дагы бир тургун көзүнөн жаракат алып келген. Анын абалы оор деп бааланууда. Шорнак айылында 11 миңден ашык калк жашайт. Алардын көбү өзбек жана казак тектүүлөр.

Эске сала кетсек, быйыл 7-февралда Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордой районунда да улут аралык чыр чыккан. Чатакта 10 адам каза болуп, жүздөн ашык киши жабыркаган. 30 турак үй, 15 соода жайы жана 23 машине өрттөлгөн. Миңдеген дунган улутундагылар коңшу Кыргызстанга качып өтүшкөн.

Тополоңдон кийинки Масанчидеги жашоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Казак бийлиги мындай жаңжалдарды "күндөлүк турмуш-тиричиликтен чыккан чыр, кылмыш дүйнөсүнүн таасир талашы" деп сыпаттап, улут аралык себебин айтуудан качат. Коңшу мамлекеттин бийлиги өлкөдө "100 улут" тынчтыкта өмүр сүрүп, ар кыл улуттар менен түрдүү дин тутунгандар ынтымакта жашарын даңазалап келет.

XS
SM
MD
LG