Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

Казакстанда активисттер полициянын курчоосунда митинг өткөрүүдө


Нур-Султан шаарындагы активисттер суукка карабай чыгышты. Аларды полиция курчап турат. 2021-жыл. 28-февраль.
Нур-Султан шаарындагы активисттер суукка карабай чыгышты. Аларды полиция курчап турат. 2021-жыл. 28-февраль.

Казакстандын бир нече шаарларында күндүн суугуна карабай оппозиция нааразычылык акцияларына чыгышты. Полиция акциянын айрым катышуучуларын курчоого алып, кармап турат.

Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында былтыр тергөө абагында табышмактуу жагдайда каза болгон активист Дулат Агадилди эскерүү митингин полиция бекем курчоого алып, ороп турат. "Кеттлинг" деп аталган мындай ыкманы казак полициясы акыркы кезде байма-бай колдонуп, митингчилерди бир нече сааттап курчай турган болду.

Нур-Султанда митингдин катышуучулары Агадилге арнап куран окуп бүтөрү менен полициячылар аларды камоолго алды. Учурда акцияга катышкан 13 адам күч кызматкерлеринин курчоосунда турат. Ал эми полиция кызматкерлеринин саны үч эсе көп. Нур-Султанда ушу тапта 10 градуска чейин жандан өткөн суук.

Нур-Султандагы кеттлинг. 28-февраль, 2021-жыл
Нур-Султандагы кеттлинг. 28-февраль, 2021-жыл

Акция катышуучулары “саясий туткундарга” боштондук деп кыйкырып жатышат. Алар жакында Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама жарыялаган Европарламентти айрым казак аткаминерлерине каршы санкция салууга үндөөдө.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары билдиргендей, курчоодо тургандарга Жазуучулар союзунун Нур-Султандагы бөлүмүнүн башчысы Даулеткерей Капулы барып, мындай митингдерди сынга ала сүйлөдү. “Кеттлинг адам укугун бузуу эмеспи?” деген кабарчылардын суроосуна акын “полиция эскерткен учурда тарап кетиш керек болчу,” деп жооп кайтарды.

Курчоодо калган үч аял дааратканага баруу үчүн суранган учурда кое берип, бирок аларды дароо полиция кармап кетти. Полиция үшүгөндөрдү автобустарда жылынууга чакырууда, бирок дал ушундай жол менен кармап кетет деген митингчилер андан баш тартышууда.

Алматыдагы полициянын курчоосунда калган митингчилер. 28-евраль, 2021-жыл
Алматыдагы полициянын курчоосунда калган митингчилер. 28-евраль, 2021-жыл

Ал эми Алматыда болсо Балбан Шолак атындагы сарайдын алдында оппозициячыл активист Жанболат Мамайдын 20дан ашык тарапкерин полиция курчап турат. Кимдир-бирөөнүн кабыргасы сынганы боюнча маалымат айтылып, тез жардам унаасы келди. Бирок акция учурунда жараат алгандар жөнүндө маалымат ырасмий түрдө ырастала элек.

Полиция митинг өтүп жаткан жайга жакын көчөлөрдү жапты. Учурда коомдук транспорттун кыймылына гана уруксат берилүүдө.

Окуяны чагылдырган журналисттерди полиция курчоодо тургандарга жакын жолотпой жатат. Бирок акцияга каршы экенин билдирген айрым адамдар кеттлингде тургандарга жакын барышып, “Мамай уятсыз” деп кыйкырып кетип жатат.

Алматыдагы митинг: "Чал кетсин!"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:51 0:00

Буга чейин укук коргоочулар митингчилерге карата "кеттлинг" деген ыкманын колдонулушун кыйноого барабар деп билдиришкен. Полиция буга чейинки нааразычылык акцияларынын катышуучуларын бир нече сааттап эч жакка коё бербей курчап турган учурлар көп катталган.

Бийликтен саясий реформаларды жүргүзүүнү жана саясий туткун деген адамдарды бошотууну талап кылган акциялар Уральск, Семей, Шымкент, Актөбө сыяктуу шаарлар да өттү.

“Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, Уральстагы акция аянтка 350дөй адам чогултту. Алар “18 миллион калкы бар өлкөдө бир гана адам башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу туура эмес экенин” айтып, бийликтин алмашуусу, акимдерди шайлоо аркылуу тандалуусу керектигин белгилеп жатышат. Алар "Назарбаев диктатор", "Шал, кет" деп кыйкырышты.

Уральсктагы митинг. 28-февраль, 2021-жыл
Уральсктагы митинг. 28-февраль, 2021-жыл

Казакстанда жекшемби күнү жер-жерлерде нааразылык акциялары өтөрү жарыяланган. 5 жыл абакта жаткан активист Макс Бокаев ушул айдын башында эркиндикке чыккан учурда бийликтен реформаларды жүргүзүү талабы менен оппозициянын колдоочуларын 28-февралда акцияга чыгууга чакырган. Бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов тарапкерлерин бул иш-чараларды колдоону суранган.

Кабарчылардын айтымында, айрым шаарларда жолдор тосулуп, аянттарга тосмолор коюлду. Шымкенттин Нооруз аянтында полициянын машиналары турат.

Журналисттер интернет байланыш үзгүлтүккө учурап жатканын билдиришти.

10-январда өткөн Мажилиске шайлоодо борбор баштаган бир катар шаарларда ондогон демонстранттар нааразылык чараларына чыккандыгы үчүн кармалышкан.

Соңку маалыматтарга караганда, Семей шаарында чогулган демонстранттардын айрымдарын полиция кармап кетти.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG