Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

"Элди баштайт деген элита да караңгы"


Боз үй тигүү. Иллюстрациялык сүрөт
Боз үй тигүү. Иллюстрациялык сүрөт

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Кайрат Искендеровдон келген макаланы сунуштайбыз.

1991-жыл. Мен орто мектепти бүткөндө 16 жаштагы боз улан элем. СССР деген державанын паспортун алдым дагы, жогорку окуу жайга тапшырууга борборубуз Бишкек шаарын көздөй атам экөөбүз жөнөп кеттик.

СССРдин гражданы болуп окууга ийгиликтүү өтүп, 1-сентябрда Кыргыз Республикасы деген эгемендүү өлкөнүн жараны болуп студенттик партага олтурдум. Андан бери 30 жыл өтүп кетиптир.

Азыр 46 жаштамын. Бүгүн биз эгемен мамлекеттин жарандарыбыз. Эки-үч жыл мурунку окуя эсиме түшөт. Кечинде жумуштан үйгө келсем, 70 жашка таяп калган атам менин уул-кыздарыма сабак өтүп жатыптыр.

Кечки тамак үстүндө апам, келинчегим да олтурушкан экен. Тамак ичүүчү бөлмөнүн дубалында эки карта илинип турат. Биринчиси, дүйнөнүн саясий картасы. Экинчиси, Кыргыз Республикасынын картасы. Айтмакчы, ошол өткөн кылымдын 80-90-жылдарында биз бала кезде деле үйдө дайыма карта илинип турар эле. Атам маалыматы бар, билимидүү болгондуктан бизге мамлекет, коом жөнүндө дагы таалимин берип чоңойтту. Үйгө кирип келсем, атам дүйнөнүн картасындагы Кыргызстандын турган ордун сөөмөйү менен көрсөтүп:

"Балдарым, карагылачы, биздин өлкө кандай гана кичинекей! Картадагы Орусия, Америка, Индия, Австралия мамлекеттерине салыштырганда чыпалактын тырмагындай эле болуп турат. Биз болсо өлкөбүздүн эгемендигине кандай кыйынчылыктар менен канчалаган кылымдан кийин жетип олтурабыз. Эгемендикке жетише албай Жер планетасындагы көптөгөн өлкөлөр кыйналып, согушуп-тытышып жүрүшпөйбү! Бизге тийген эгемендикти барктап алышыбыз зарыл. Силер Кыргыз өлкөбүздүн мекенчил инсандарынан болушуңар керек",-деди.

Учурашып эле мен дагы акырын дасторкон четине олтуруп, атамдын сабагын угуп баштадым. Балдарымдын бирөөсү эгемендүүлүк деген эмне деп суроо берген окшойт. Атам жакшылап түшүндүрүүгө аракет кылганын эле дароо сездим да, унчукпай кулак төшөдүм. Балдарымдын реакциясына назар салам. 3-класста окуган Махабат деген кызымдын кызыгуусу, таң калуусу өзгөчө.

"Карынын сөзүн капка сал" деген макал бар эмеспи. Атакемдин патриотизмге үндөгөнү, жалындуу сөздөрү балдарыма стимул, өрнөк болду го деп сүйүнүп, өзүмдүн дагы айта турган сөздөрүмдү кошумчалай кеттим.

Балдарымдан СССР деген өлкө тууралуу сурасам, толук кабары жок сыяктуу. Атам сабагын кайра улантып кетти. Ар бир жаран Кыргызстанды жүрөгү менен сүйүп, коргош керек деп айтып жатты.

1981-жылы 1-класска баргандагы сабакты эстейм. Биринчи мугалимим Токтокан эжеке алгачкы окуу күнүндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө айтып, сабакты баштаганы дале эсимде. Жаңы мектеп босогосун аттаган биз кунт коюп угуп олтурдук эле. Биздин аң-сезимде мекенди коргоо ыйык милдет катары жүрөгүбүздө ошол күндөн тартып катуу сакталып калыптыр.

Азыр кандай? Кыргызстандыктар биздин эгемендикти кантип бекемдейбиз? Эгемендүү Кыргызстандын балдары муну кандайча түшүнүп, кандай аңдап жатат болду экен?

Алакандай болгону менен ааламга саякат кылдырган уюлдук телефондогу элестерден башка, эл, жер, мекен деген түшүнүктөргө келечекти куруучулар, улантуучу урпактарыбыз кантип ой калчап, кандай баам жүгүртөт экен деп ойлоном. Балдарга идеологиялык сабактар, мекендин күйүп жанган атуулу болуш керектигин канына сиңире түшүндүрүп жатабызбы? Өзүбүз канчалык деңгээлде мекенчилбиз?

Кыргыз мамлекети барксыз, алсыз дегендей мамилелерди сезип, көз караштарды көрүп, угуп эле жүрөм. Эл башкарган айрым аткаминерлер көпчүлүгү өз чөнтөктөрүн толтуруунун аракетинде коррупциялык схемаларды түзүп, байып, чет мамлекеттерден мүлк сатып алып, өлкөгө күймөк турсун, кылгылыкты кылып коюп, качып кетишет экен. Мекен үчүн ким оттой күйүп, чоктой жанат?

Өлкөм алдыга жылмак турсун күндөн-күнгө артка чегинүүдө. Ошондо биз 30 жылдан бери дээрлик бардык фронттордо фиаского учурап келатыптырбыз.

Көпчүлүгүбүздүн жан дүйнөбүздө кайдыгерлик орноп, дээрлик бардык тармактарыбызда мыйзам, принцип, стандарт, формат деген нерселер иштебегени жанды кейитет. 30 жылдык көз карандысыздык тарыхыбызда Кыргызстандын жетишкендигине жа кемчиликтерине ар кандай баалар берилген. Айрымдары жакшы эле башталыш дешсе, көпчүлүгү эгемендиктин башатындагы максаттарга жете албай жатат деген пикирде.

"Айтылуу Никколо Макиавелли “адатта карапайым эл караңгы болот, аларды элита башташы керек” деп айтыптыр. Тилекке каршы, элди баштайт деген кыргыз элитасы да караңгы болду. Биздин элита чогулуп “жети өлчөп бир кесип” улуттун тагдырын, анын келечегин талкуулай албай койду. Анын кесепетин бүгүн көрүп жатабыз", - деп жазуучу Арслан Капай уулу соңку абалды сүрөттөп, так баалап койгон экен. Совет заманында “орусташуу саясатынан кантип кутулабыз” деп жүрчүбүз. Эгемендик алгандан кийин деле кайрадан Орусиянын көзүн караган саясатка моюн сунуп бердик.

Бизди эски коммунисттик идеология баш көтөртпөгөндөй эле, бүгүн өзүбүздүн өлкөбүздө баш көтөрө албай жүргөнүбүз осол иш. Советтик мектепте окуп жүргөндө мектептин кире беришиндеги далисте “Четверг - день русского языка” деген жазуу болоор эле. Совет доорунун идеологиясы, орус калкынын саясатын караңызчы. Ал убак советтик принцип экен дейли. Бүгүн абал кандай? Өлкөмдө кыргыз тилине көңүл бөлүү начар. Эне тилге кош көңүл кылуу - эгемендүүлүккө терс таасирин тийгизген факторлордун бири. Гимнибиздин да бир сабы ката экен, көрсө. Бүткүл жерде, баскан жерибизде толтура ката экенине кейип кетем. Идеологиябыз жок, ошон үчүн чабал мамлекетпиз!

Мамлекетибиздеги бардык тармактар коррупциялашып кетти. Анын терс жактары башкаруу системасына билими төмөн, өзүмчүл, мансапты самаган кадрлар келип өлкө майдаланып жатат. Автократиялык, тоталитардык мамлекетте жашагандан көрө жеке жаран үчүн кембагал болсо дагы демократиялык, көз карандысыз өлкөдө жашаган артык. Эркиндик - эч нерсеге алмашкыс нерсе.

Чынжырланган "жасалма жагдай" менен саясий оюндар аркылуу эгемен өлкөнүн бекемдигине таасир эткен эссиздер жок эмес, толтура. Мекенге күйүү ар бир жарандын патриоттук сезимине байланыштуу. Патриоттук сезимди ойготуу акылдуу, гумандуу, иш билги АТАнын колунда. Ата - жетекчи, лидер. Байыркы бабаларыбыз эл-жерди коргоп ушул күнгө келдик. "Мекенди бапесте, баркта" деп айткан чоң аталардын акыл насааттары менен кетсек зор болбойт беле!

Дүйнөдө көптөгөн өнүккөн өлкөлөр бар. Мисалы, кубаттуу делген АКШны алып көрөлү. Америка Кошмо Штаттарын бизге мектепте капиталисттик өлкө деп таанытып, терс тарбия берип келишкен. Бирок, Америкада демократия принциптери, элдин эркиндиги, экономикасы алда канча жогору экени баарыбызга маалым.

Америка демекчи, Бишкектеги жогорку окуу жайда чогуу окуган курсташ досум азыркы тапта АКШнын Чикаго шаарында эмгектенет. Бир күнү экөөбүз WhatsApp аркылуу видео байланыш менен сүйлөшүп калдык.

- Айлана-чөйрөңдү көрсөтчү?-дедим кызыгып.

Дароо шаарды көрсөтүп, ал жактагы жашоону, тазалыкты, андан бөлөк айлык-акынын күнүмдүк тиричиликке кенен жетерин, эң негизгиси бул мамлекетте адам эркин жана коопсуз экенин кеп салды.

Ошондо мектептеги Америка тууралуу көз карашым менен азыркысын салыштырып койдум. Бала кезде биз Американын демократиялуу, бакубат мамлекет экенин элестете да алчу эмеспиз. Азыр эми ал жак менен карым-катнаш бар.

"Ким мекенин сүйбөсө, ал эч нерсени сүйө албайт” деген экен ойчул Байрон. Биздин эгемендүү өлкөбүздү өзүбүз баалап, сүйө албасак, анда биздин толук кандуу жумурият экенибизге деле ишениш жок.

Белгилүү публицист агабыз Жолдош Турдубаев улут катары калыптана электигибиздин башкы белгилери деп, "тууганчылдыктын, уруучулдуктун, аймактарга бөлүнүүчүлүктүн мамлекеттик деңгээлдеги мекенчилдикке (патриотизмге) караганда күчтүүлүгү; укуктук аң-сезимдин жана укукчул маданияттын өнүкпөгөндүгү; жарандардын көпчүлүгүнүн инсан болуп жетилбегендигин" баса белгилеп өтүптүр.

Агай айтканга кыстырма кылып, биз өзүбүздүн жеке өзүмчүлдүгүбүздү толук жойгондо гана бекем мамлекетти кура алабыз деп айтаар элем.

Эртең менен жумушка баратып радиодон кыргыз эстрада ырчысы Аяна Касымованын аткаруусундагы “Аманат” ырын угуп бараттым.

"Элим үчүн жүрөк оорусун, жерим үчүн жүрөк оорусун”,-деген таасирдүү сөздөр, созолонгон обон заматта денемди чымырата койду. Бар бол, Мекеним Кыргызстан!

Кайрат Искендеров, Жалал-Абад облусу, Сузак районунун Барпы айылы

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG