Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

#Мен_Ферузамын. Өзбекстанда журналистти колдогон акция башталды


7-августта Интернеттин өзбек сегментинде #Мен_Ферузамын деген каршылык акциясы башталды.

Өзбекстандык кыз-келиндер Qalampir.uz басылмасынын кабарчысы Феруза Нажмиддинованын кадыр-баркына шек келтирген тасмага байланыштуу нааразылык билдирип, журналистке көө жапкандарды жазага тартууну талап кылып жатышат.

Нажмиддинова Tashkent City комплексиндеги айрым ресторандар карантин эрежелерин бузуп, “чоңдордун калкалоосунда” иштеп жатканы тууралуу сюжет даярдагандан соң анын кадырына шек келтирген тасма тарады. Видеодо көп кабаттуу үйлөрдүн балконунда эркек менен аялдын жыныстык катнашы тартылган. Аны интернетке чыгаргандар тасмадагы аял журналист Феруза экенин белгилешкен. Бирок аны ким таратканы тууралуу азырынча маалымат жок.

Кабарчыны колдогон аялдар #Men_Feruzaman, #МенФерузаман деген хэштег менен “Фейсбукта” акция өткөрүп жатышат. Алардын дээрлик баарында төмөнкү мазмун камтылган:

“Айланадагы ката-кемчиликтерге жөн карап турбаганым жана маселени көтөрүп чыкканым үчүн сизге жакпай калышым мүмкүн. Бирок сиз түрдүү дооматтар менен жана жийиркеничтүү ыкмада басым өткөрүп, үнүмдү өчүрө албайсыз. Мен Ферузамын!”.

Каршылык акциясына президент Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева дагы кошулду:

“Урматтуу журналист жана блогер эже-сиңдилерим! Сиздердин курч калемиңизге жана акыл-кудуретиңизге алкыш! Бүгүнкү жийиркеничтүү окуя сизди мокотпосун. Шантаж жана доомат сизди сындырбасын! Мен сиз мененмин! Мен жаңыңыздамын! Мен Ферузамын!”

Журналистти каралоо максатындагы уят видео интернетке жарыяланардан бир күн мурун qalampir.uz сайтында Феруза Нажмиддинованын “Ташкент ситидеги ресторандардын “танкасы” барбы? деген сюжети чыккан. Анда карантин чараларына баш ийбеген ресторандар түндө калың элди тейлеп жатканы сындалган. Анткени, коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө ылайык, кечки саат сегизден кийин коомдук жайларга эл чогултууга болбойт. Журналист Tashkent City комплексинин маңдайындагы Ташкент мэриясы буга маани бербей жатканын белгилеген.

Кабарчы тарткан сюжет.

Сюжет коомдун калың катмарына жетип-жете электе кабарчыны шерменде кылуу максатындагы тасма таратылган. Qalampir.uz басылмасы буга төмөнкү мазмунда билдирүү жасады:

“Бүгүн биз каалаган кишини бат эле “шерменде” кылып коюу, каалаган учурунда адамга көө жаап, унчукпай карап туруу, адамдын аброюн төгүү жана ушул жол менен өч алуу оңой болуп калган доордо жашап жатабыз. Ал уят видеодо Феруза Нажмиддинова экени айтылган аялдын кимдигин таанып болбойт”.

Феруза Нажмиддинова мыйзамдуу чара көрүүнү сурап, милицияга арыз берди. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы тергөөгө чейинки териштирүү башталганын маалымдады. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиёсов абал министрликтин көзөмөлүндө экенин айтты.

Өзбек парламенти – Олий Мажлис сенаты, Журналисттер бирикмеси, президенттин администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги, “Юксалиш” жалпы улуттук кыймылы жана Улуттук масс-медианы колдоо фонду бул окуяны кескин сындап чыгышты.

Олий Мажлис сенатынын расмий маалыматына ылайык, окуяны Маалымат саясаты жана мамлекеттик органдарда ачыктыкты камсыздоо, Кыз-келиндер жана гендердик теңчилик маселелери боюнча комитеттери көзөмөлгө алды.

Масс-медиа фондунун жетекчиси Комил Алламжанов журналист кызга карата жасалган бул мамилени сындап, социалдык желеге “Феруза, биз сиздин тарабыңыздабыз!”, – жеп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG