Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Ош: жаңы мэрдин сын коштогон программасы


Шаардык кеңештин депутаттары Алмаз Мамбетовду куттуктап жаткан учур. 26-август, 2021-жыл.
Шаардык кеңештин депутаттары Алмаз Мамбетовду куттуктап жаткан учур. 26-август, 2021-жыл.

Бир айдан бери Ош шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Алмаз Мамбетов калаа башчылыгына биротоло шайланды. 26-августта Ош шаардык кеңешиндеги жабык добуш берүүдө Мамбетовду 45 депутаттын 43ү колдоп, экөө каршы добуш берди. 

Ал шайлоонун жыйынтыгы күтүлгөндөй болгонун, ага президенттин сунушу таасир эткенин моюндады.

Шайлоонун күтүлгөндөй жыйынтыгы

Президент колдоосун билдирип, Ош мэрлигине жалгыз талапкер болгон Алмаз Мамбетовду шаардык кеңеш шайлап бере турганы буга чейин эле айтылып жаткан.

Алмаз Мамбетов.
Алмаз Мамбетов.

«Көпчүлүк добуш менен өткөнүм, мындан ары мэрдин милдетин аткаруучу эмес, Ош шаарынын мэри болуп келишим күтүлгөн эле. Президент сунуштагандан кийин мен Ош шаарына иштеп берүүгө макулдугумду бердим. Эми президент жиберип жаткандан кийин анын ишеничин да аткарышым керек», -деди жаңы шайланган мэр.

45 жаштагы Алмаз Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген.

Президенттин сунушу

Ош шаарынын мэринин кызматына олтурган күндөн тартып, президент Садыр Жапаровдун сунушу менен келгенин Мамбетов өзү да жашырган эмес. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Бекмурза Эргешов да муну белгилеп кетти:

Бекмурза Эргешов.
Бекмурза Эргешов.

«Аны жогорудан сунушташты. Эгер мен жалгыз чечкенде ушул суроого башкача жооп берет элем. Анын программасына сиздер да күбө болдуңуздар. Убакыт берели, кийин сын айтканга мен да даярмын».

Мэр шайланган күндөн тартып үч айдын ичинде өзүнүн программасын шаардык кеңешке сунушташы абзел. Мөөнөтү бүткөнгө чейин иштөөнү көздөгөн Мамбетов «Келечек урпактарга татыктуу шаар» аттуу программасынын кыскача мазмуну менен тааныштырды.

Анда таза суу, жол, коомдук транспорт, шаар куруудагы көйгөйлөрдү чечүү керектиги айтылат.

Оппозицияда калган «Бир Бол» партиясынын депутаты Айгүл Салиева мэрдин программасын "реалдуулуктан алыс" деп сындады.

«Айтууга оңой болгону менен жасаганга кыйын да. Жолдорду айтып жатат. Ага грант качан келет? Кыргызча айтканда көрпөңө карап бутуңу сунушуң керек да. Бардыгын камтыган өтө жакшы программа экен. Чынында өтө эле узак убакытты талап кылчудай. 10 жылда ушул айтылган нерселердин баары ишке ашкан болсо, Ош Москвага теңелип калат го».

Алагды кылган Ак-Буура долбоору

Мындан сырткары мэрдин Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү долбоорун улантам деген сөзү кайчы пикирлерди жаратты. Депутаттардын бири Абдыжапар Аккулов суунун нугу бузулуп, казына каржалып турганда каражатты ага жумшоо зарыл эместигин айтты.

Ош шаарынын мэрин шайлоо. 26-август, 2021-жыл.
Ош шаарынын мэрин шайлоо. 26-август, 2021-жыл.

Ал эми мурдагы «Ош-Тазалыктын» жетекчиси, депутат Нурбек Исмаилов болсо, шаарда эс алуучу жайлар аз болгондуктан, долбоорду аягына чыгаруу керек деген пикирде.

Долбоор 2019-жылы башталып, 252 миллион сомго бааланган. Болжол менен Ош шаарынын казынасынын төрттөн бир бөлүгү.

Мамбетовдун талапкерлигин шаардык кеңештин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. 11-июлда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгында 45 мандаттын 19у «Ата-Журт Кыргызстанга», 15и «Биздин Кыргызстанга», жетөө «Улуттар Биримдигине», төртөө «Бир Болго» ыйгарылган. «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Биздин Кыргызстан» партиялары «Аманат» көпчүлүк коалициясын түзүшкөн.

Мэрлер алмашат, көйгөй калат

Алмаз Мамбетовго чейин Таалайбек Сарыбашов үч жыл Ошто башчы болуп турду. Ал Айтмамат Кадырбаев башка кызматка которулгандан кийин келген. 2014-жылы Мелисбек Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев мэрликке талапкерлигин койгон. Шаардык кеңештин депутаттарынын көбү Кадырбаевге добуш берген.

Ош шаары.
Ош шаары.

Көп улуттуу Ош шаары — Кыргызстандагы республикалык маанидеги эки шаардын бири. Расмий маалымат боюнча калаада 322 миңден ашуун калк жашайт.

2021-жылы шаардын бюджети 1 миллиард 370 миллион сом деп кабыл алынган. Бул көрсөткүч акыркы беш жылдан бери дээрлик өзгөрө элек.

Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суунун үзгүлтүккө учураганы. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Мындан сырткары бала-бакчалардын жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, инфраструктура эгемендүүлүк алгандан бери оңдолбой турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG