Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:35

Жасалма интеллект тарткан сүрөт эл аралык сынакта жеңди


Жасалма интеллект тарткан сүрөт эл аралык сынакта жеңишке жетти. Илон Масктын Starship космостук кемеси сыноо учурунда жарылып кетти. Израилдин окумуштуулары адам клеткасын дарылай алган майда робот жасашты. “Азаттык” илимдеги соңку жаңылыктарды сунуштайт.

Жасалма интеллект тарткан сүрөт эл аралык сынакта жеңди

Немис сүрөтчүсү Борис Элдагсен эл аралык Sony World Photography Awards сынагын жеңип, бирок сыйлыктан баш тартканын билдирди.

Мындай билдирүүсүн сүрөтчү жеке сайтына жарыялап, түшүндүрмө берип, сынакка жасалма интеллекттин жардамы аркылуу тартылган эмгек аркылуу катышканын айтты. Ал муну менен ар кандай сүрөт сынактар жасалма интеллекттин катышып калышына даяр же даяр эместигин текшерип, жасалма интеллекттин учурдагы фото искусствосуна тийгизип жаткан таасири, жаралып жаткан тобокелчиликтери жөнүндө талкууга жем таштагысы келгенин белгилейт.

Борис Элдагсендин пикиринде, жасалма интеллект жараткан фото сүрөттөр жана кишинин эмгеги менен тартылган сүрөттөр сынактардын алкагында атаандаша албайт. Элдагсен сынакка креатив категориясында эки башка муундагы эки аялдын түзсүз сүрөтүн көрсөткөн.

Бүткүл дүйнөлүк сүрөтчүлөр уюмунун өкүлү “Элдагсендин чакырыгы туура экендигин, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүгү жана таасири талкуулана турган тема экендигин моюнга алып, бул боюнча Элдагсен менен диалог курууну каалашканын, бирок сүрөтчү сыйлыктан баш тарткандыгына байланыштуу сынактан четтетилгенин билдирди” деп жазат The Guardian басылмасы.

Ошондой эле уюштуруучулар Элдагсен өзүнүн сүрөтүндө жасалма интеллект колдонуларын алдын ала билдиргенин жана анын эмгеги сынактын креатив категориясынын шарттарына туура келгендиктен, катышууга мүмкүнчүлүк алганын кошумчалашкан.

Илон Масктын космостук кемеси сыноо учурунда жарылып кетти

20-апрелде АКШнын Техас штатында Илон Маск түптөгөн SpaceX компаниясынын Starship космостук кемеси сыноо учурунда жарылып кетти.

Учкучсуз кеме асманга көтөрүлгөндөн бир нече мүнөттөн кийин, 38 чакырым бийиктикте жарылган. Жарылуу космостук кеменин эки прототиби бири-биринен убагында ажырай албай калгандыктан келип чыккан. SpaceX компаниясы бул ракетаны дүйнөдөгү эң кубаттуу ракета катары сыпаттаган болчу.

Баштапкы максатка ылайык, космостук кеме 150 чакырым бийиктикке көтөрүлмөк. Бирок компания азыркы жыйынтыкты да жаман деп эсептебейт. Илон Маск бул окуядан сабак алып, бир канча айдан кийин боло турган сыноого даярдык башталганын айтса, NASA агенттигинин директору Билл Нельсон Твиттердеги баракчасына “ар бир улуу жетишкендик тобокелчилдикти талап кылат, чоң тобокелчилик үчүн чоң сыйлык бар” деп жазды.

Адам клеткаларын таап, кармаган майда робот жасалды

Клеткаларды таап, кармап, ташый ала турган майда роботтун жасалышы робототехника тармагындагы соңку ири жетишкендик болуп калды. “Бул инженердик ийгилик медицинадан аба тазалоого чейин колдонулат” деп жазды ScienceAlert сайты.

Израилдин Тель-Авив университетинин окумуштуулары жасаган майда роботтун диаметри 5тен 27 микрометрге чейин жетип, электр жана магниттик талаалардын жардамы менен башкарылат.

Микромотор бир клеткадан экинчи клеткага жылганга, клеткалардын ар кандай түрүн аныктоого, клетканын абалын тактоого, клеткаларды ташууга, клеткаларга дары же тиешелүү ген жеткирүүгө жөндөмдүү.

Изилдөөчүлөр бул робот денедеги кан же дагы башка суюктукту алып, анализдөөгө, диагнозду так коюга көмөктөшөт дешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG