Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

COP28: 200дөн ашуун өлкө мунай колдонууну азайтууну макулдашты


Дубайда өткөн COP28 климат саммити.
Дубайда өткөн COP28 климат саммити.

Дубайда өткөн климат боюнча COP28 саммитинин жыйынтыгында 200дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрү жерден казылган күйүүчү отунду колдонууну азайтууну макулдашты. Эки жумага созулган иш-чаранын соңунда келишилген макулдашуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүшүн чектөөгө багытталаган.

COP28 саммитине төрагалык кылган Султан аль-Жабер макулдашууну “тарыхый” деп атап, анын ийгилиги ишке ашканда гана билинерин кошумчалады.

“Макулдашууну реалдуу ишке ашыруунун аракеттин көрүшүбүз керек”,- деди ал.

Документте “энергетикалык системаларда жерден казылган күйүүчү отундан акырындык менен баш тартуу” чакыры камтылган.

Анткен менeн 21 барактан турган документте көмүр, мунай жана газды колдонуудан качан, кандай тартипте баш тартуу керек экени так белгиленген эмес.

Жүздөн ашуун мамлекет анын баары так жазылышын талап кылышты. Бирок буга Сауд Арабиясы башында турган мунай өндүрүүчү мамлекеттер каршы чыкты. Талаш-тартыштардан улам макулдашуу бир күн кеч кабыл алынды.

Кийинки саммит Азербайжандын баш калаасы Бакуда өтөрү жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG