Климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүү келишимине 198 өлкө кол койду. Ал Дубайда өткөн COP28 глобалдык климаттык саммит жыйынтыгында кабыл алынды.
Макулдашууда атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу, экологиялык жактан таза, кайра калыбына келүүчү энергия булактарына өтүү планы бар.
Документте мунай, газ жана көмүр пайдаланууну азайтып, 2030-жылга чейин энергиянын кайра жаралуучу булактарын үч эсе, натыйжалуулугун эки эсе көбөйтүү максаты жазылган.
Келишим ошондой эле 2050-жылга чейин өндүрүштөн чыккан газдардын эмиссиясын нөлгө чейин азайтууну көздөйт. Ага кол койгон өлкөлөр мамлекеттик деңгээлде тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга, өнөр жай ишканаларды аны аткарууга милдеттенме алат.
Саммиттин төрагасы, Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) мамлекеттик министри Султан ал-Жабер бул келишимди "тарыхый" деп атады. АКШ президенти Жо Байден да муну кубаттап, “маанилүү этап” экенин белгиледи.
Бирок иш-чаранын бир катар катышуучуларынын жана байкоочуларынын арасында документти сындагандар да бар. Алар эл аралык келишим жерден казылган күйүүчү отунду жагууну кыскартууну эмес, аларды толугу менен жок кылуу аракетин көздөшү керек деп эсептешет. Мындай көз караштагылардын арасында АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдиктин делегациялары бар. Ал эми 39 өлкө кирген Кичи арал мамлекеттеринин альянсынын өкүлдөрү бул макулдашуу алар жолугушуу бөлмөсүндө жок кезде чечилгенин айтышты.
Министр Султан ал-Жабердин өзү да сынга кабылды. Анын оппоненттери Абу-Дабиде министрдин эң ири мунай компаниясы бардыгын, саммитте өзүнүн бизнес кызыкчылыгын коргогонун белгилешүүдө.
Бул шектенүүлөр БАЭ менен кеминде 27 өлкөнүн өкмөттөрүнүн саммитке даярдык көрүү боюнча сүйлөшүүлөрү тууралуу документтер коомчулукка чыккандан соң күчөдү. Би-Би-Си менен Климаттык журналистика борборунун иликтөөчүлөрү ырастагандай, алар БАЭ үчүн пайдалуу мунай жана газ келишимдерин түзүү жөнүндө сүйлөшүп жатышкан.