Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Президент Ташиевге футболду колго алууну сунуштады


Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров “Мурас” футболдук мелдешинде. Архив.
Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров “Мурас” футболдук мелдешинде. Архив.

Кыргызстандын Футбол бирлигинин президенти кызматынан кетерин билдирди. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге анын ордуна барууну сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу президент 31-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген чакан маегинде айтты.

Президент Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы оюндары тууралуу комментарий берип, Кыргызстанда акыркы убакта футболго шарттар түзүлүп, ырааттуу каржылоо башталганын кошумчалады.

“Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым”, - деди президент.

Кыргыз футбол башчылары кызматтан кетти

Кыргызстандын Футбол бирлигинин президенти Медербек Сыдыков 29-январда Кыргыз футбол бирлигинин аткаруу комитетинин жыйынында кызматтан кетүү ниетин билдирген. Бул жыйында Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы улуттук курама команданын оюндарынын жыйынтыгы талкууланган. Сыдыков өзүнүн чечими туралуу буларга токтолду.

"Көп жылдан бери баш катчылык кызматта иштедим. Эки жыл президент болдум. Азыркы заман талабына жараша жаңыча ой жүгүрткөн, тажрыйбалуу адамдар келип, кыргыз футболуна жаңылык киргизсе деген ой менен ушундай чечимге келдим", - деген ал.

Медербек Сыдыков Кыргызстандын улуттук курама командасынын Азия кубогунда тайпадан чыкпай калганына токтолуп, буга мелдешке жаш оюнчулардан түзүлгөн курама барганын белгилеп, ага бир катар өзөктүү оюнчулар жаракатынан улам катыша албай калганы себеп болгонун айткан. Андан сырткары башкы макшыктыруучу Штефан Таркович келишими бүткөнчө команда менен иштешерин кошумчалаган.

Медербек Сыдыков менен кошо Футбол бирлигинин аткаруу комитети да ишин токтотот.

“Медербек Сыдыковдун билдирүүсүн эске алуу менен аткаруу комитети да коллегиялдуу орган катары өзүнүн жоопкерчилигин сезип, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды” деп айтылат маалыматта.

Кыргыз футбол бирлигинин аткаруу комитетинде коомдук ишмер Аскар Салымбеков, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Асылбек Кадыралиев, мурдагы ФИФА калысы Бахадыр Кочкоров өңдүү 16 киши бар.

Футбол уюмунун президенти жана аткаруу комитетинин учурдагы курамы Кыргызстандын футбол бирлигинин 19-февралда өтө турган кезексиз конгрессине чейин иштейт. Курултайда Футбол уюмунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

Талапкерлерди Кыргыз футбол бирлигине кирген регионалдык федерациялар, футбол клубдар жана ассоциациялар тарабынан дайындалган 28 делегат шайлайт. Ал эми футбол уюмунун президенттигине футбол тармагында активдүү роль ойногон адамдардын талапкерлиги көрсөтүлсө болот.

Кыргызстан Оман курама командаларынын беттеши. 25-январь, 2024-жыл.
Кыргызстан Оман курама командаларынын беттеши. 25-январь, 2024-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда тайпадан чыкпай калды. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизди. Мелдештен кийин айрым күйөрмандар башкы машыкыруучу Штефан Тарковичтин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Спорт журналисти Бахтияр Кыдыралиев Медербек Сыдыковдун кыргыз футболуна кошкон салымына токтолуп, ал башкы машыктыруучу Штефан Тарковичтин ордуна жумуштан кетип жатат деген ойдо:

"Медербек Сыдыков 2021-жылдан бери чоң жумушту алып барган болчу. Бир гана командада эмес, Кыргыз футбол союзунун жаңы имараттарын салып, футбол бирлигинин телеканалын ачып, футболду өнүктүрүүгө өтө чоң салым кошуп келе жаткан. Бирок жеке менин оюм боюнча Медербек Сыдыковдун кызматтан кетиши Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичти өз ордунда сактап калуу болду болушу керек. Себеби март айында Дүйнө чемпионатынын жана Азия Кубогунун тандоо оюндары бар. Бул мелдештерге команда жаңы машыктыруучу менен бир жарым айда даярданып жетишпей калмак. Ошол себептен да Медер Сыдыков чыныгы жетекчи катары кызматтан кетти деп ойлойм", - деди ал.

2023-жылы май айында ишке киришкен башкы машыктыруучу Штефан Таркович Азия Кубогуна жалаң жаш оюнчулардан турган курама команда менен барды. Ал Оман курамасы менен болгон оюндан кийин ушул курама менен мындан ары да иштешүү ниетин билдирген.

Штефан Таркович.
Штефан Таркович.

“Менин футбол бирлиги менен келишимим ушул жылдын июнь айында аяктайт. Бирок мен бул курама менен дагы калып иштегим келет” - деген ал.

Төрт жыл мурдагы Азия Кубогунун 1/8 финалына чыккан "акшумкарлар" бул жолу жалгыз гол менен мелдешти жыйынтыктап, тайпадан жыдып калганы ар кандай талкууланууда.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы директору Канат Аманкулов федерация жетекчилеринин бат-бат алмашуусу ийгилик алып келбейт деген пикирде:

Канат Аманкулов.
Канат Аманкулов.

"Жалпы объективдүү алып караганда бул Азия Кубогуна жаш команда барды. Таркович жаңы эле келди. Ага да убакыт бериш керек. Ал эми федерациялардын президенттеринин кызматтан кетишине көз карашым башкача. Негизи эле федерация жетекчилери эки-үч цикл иштеши керек. Бир - эки жылда, өзгөчө командалык спорт түрлөрүндө, чоң ийгиликке жетиш кыйын. Биздин футбол федерациясынын кылып жаткан иштерине күбө болуп жүрөбүз. Ушул курам менен дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарын өткөрүп коюп, анан кызматтан кетишсе туура болмок", - деди Канат Аманкулов.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2019-жылы Азия кубогуна дебютант катары катышып, мелдештин 1\8 баскычына чыккан. Андан көп өтпөй ошол кездеги футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов да кызматтан кеткен эле.

Тажикстан менен Өбекстандын дымагы

Учурда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун плей-офф баскычынын оюндары өтүп жатат.

Спорт серепчилери жана букмекерлер турнирдин алдында Азия чемпионатынын фаворити катары Жапонияны, Түштүк Кореяны жана Австралияны айтып жатышкан. Эми бул тизмеге Өзбекстан, Катар курамалары да кирди.

Катар курамасы Азия Кубогу башталгандан бери бардык беттештерин жеңди. Алар атаандаштарынын дарбазасына жалпы 7 гол киргизип, бир гол өткөрүп алышты.

Эми Катар Таиланд курамасын жеңип, чейрек финалга чыккан Өзбекстан курамасы менен беттешет.

Өзбекстандык спорт журналисти Камолиддин Алимов буларды айтат:

"Чейрек финалда Катар менен беттешебиз. Катар үй ээси болгондуктан биздин курама үчүн оңой болбойт", - деди ал.

Бул жолку Азия Кубогунда башка сенсациялуу учурлар да болууда.

Маселен, тайпадан суурулуп чыккан Тажикстан курамасы 28-янарда Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасын утуп, мелдештин чейрек финалына өттү.

Тажик курамасы негизи бөлүктө Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен 1:1 эсеби менен тең ойноп, пенальтилер сериясында 5:3 эсеби менен жеңишке жетти.

Тажикстандын футболчулары жеңишин майрамдап жатат.
Тажикстандын футболчулары жеңишин майрамдап жатат.

Тажикстан Азия Кубогуна алгачкы ирет катышууда.

"Биз мелдешти дебютант катары баштаганбыз. Бирок биздин чечкиндүүлүгүбүз менен мелдешти улантып жатабыз. Марокко Катарда өткөн дүйнө чемпионатында кандай оюн көрсөткөнүн баарыбыз билебиз. Биздин да жомогубуз ушундай уланса, мен абдан кубанычта болом. Менин эң башкы жеңишим команданын биримдиги болду. Мен үчүн эң маанилүүсү - футболчулардын бири-бири менен болгон мамилеси", - деди Тажикстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Петр Сегрт.

Эми Тажикстан ушул жума күнү Иордания курамасы менен беттешет. Иордания бул мелдеште сенсация жараткан Ирак курамасын мелдештен сүрүп чыгарды.

Тайпалык оюндарда Ирак мелдешке башкы фоварит саналган Жапония курамасын утуп алган эле.

29-январда өткөн оюнда Иордания Ирак курамасына 2:1 менен утулуп аткан. Кошумча убакытта Язан Аль-Араб 95-мүнөттө, Низар Аль-Рашдан 97-мүнөттө гол киргизип, жеңишке жетти.

Азия Кубогунун финалдык беттеши 10-фералда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG