Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Ярмыш Навальный менен коштошуу үчүн жай издештирип жатышканын айтты


Орусияда алыскы түрмөдө белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш бүгүн 26-февралда билдиргендей, маркумдун үзөңгүлөштөрү аны акыркы сапарга узатууну өткөрө турган жай издештирип жатышат.

"Алексей менен ачык коштошуу үчүн зал издеп жатабыз. Мөөнөтү – ушул иш аптанын аягы. Эгер сиздерде ылайык жай бар болсо, өтүнүч, биз менен байланышыңыздар, - деп жазды Ярмыш X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter).

Навальныйдын туугандары аны менен коштошуу иш-чарасы боюнча азырынча эч кандай маалымат жарыялаша элек.

«База» Telegram-каналы Москванын Борисовское көрүстөнүндөгү булактарына таянып Навальныйды жерге берүүгө даярдык жүрүп жатканын, зыйнаты 29-февралга белгиленгенин жазды. Башка көрүстөндөр да аталууда.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG