Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Экономикалык өсүш, кымбатчылык жана жумушсуздук. Сурамжылоо эмнени көрсөттү?


Бишкек шаары
Бишкек шаары

"Эл аралык республикалык институттун" (IRI) буюртмасы менен SIAR эл аралык изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды. Анда Кыргызстандагы учурдагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары кымбатчылык, жумушсуздук айтылган. Ошол эле кезде Кыргызстандын учурдагы курсу туура деген пикирлер басымдуулук кылып, каржылык абалы оңолду деген адамдардын көбөйгөнү көрсөтүлгөн. Сурамжылоодо саясатчылардын рейтинги да жарыяланды. "Азаттык" кыргызстандыктарды көбүрөөк түйшөлткөн социалдык-экономикалык маселелерге кайрылды.

"Эл аралык республикалык институттун" буюртмасы менен жүргүзүлгөн сурамжылоо 2023-жылдын 21-декабрынан ушул жылдын 19-январына чейин жасалган. Изилдөө социалдык-экономикалык абал, саясат, шайлоо, демократия, коррупция, маалымат, адам укуктары жана демография өңдүү багыттарды камтыйт.

Бул жолу өлкөдөгү демократиянын өнүгүүсүнө “кайсы бир деңгээлде канааттанган” калктын саны былтыркы 55%дан 49%га түшүп, “канааттанбагандар” 6%га (19%дан 25%га) көбөйгөн.

“Сиз саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин кайсыларына көбүрөөк ишенесиз?” деген суроодо эң көп добуш алган үчтүккө президент Садыр Жапаров (37%), УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев (22%) жана Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков (12%) кирген. 2023-жылдын май айындагы сурамжылоого караганда, Садыр Жапаров 2%, Камчыбек Ташиев 8% өсүштө болсо, Нуржигит Кадырбековдун көрсөткүчү 1% азайган. “Эч кимге ишенбеген” добуш мурунку 8%дан 20%га өскөн.

Респонденттердин 54% кыргыз өкмөтү коррупция менен “жетиштүү күрөшүп жатат” десе, 34% “жетишсиз” деп баалаган. “Өтө” жана “кыйла” коррупциялашкан институттардын сап башында соттор, МАИ, бажы кызматы, милиция жана башкы прокуратура турат.

Эл аралык республикалык инститтун сурамжылоолору: коррупция
Эл аралык республикалык инститтун сурамжылоолору: коррупция

Маалымат алуу булактары катары социалдык тармактар (68%), телекөрсөтүүлөр (62%) жана интернет сайттар (32%) көрсөтүлгөн. Шаардыктардын 67% жана айыл тургундарынын 87% маалыматты кыргыз тилинде алышат. Интернетти шаарда 82% калк, айылда 76% күндө колдонот.

Сурамжылангандардын 80% кыргыз тилин билүүнү “абдан маанилүү” деп эсептейт. Ал эми 58% респондент аялдардын ролун билим берүүдө, 53% үй-чарбада, 52% саламаттык сактоодо күчөтүү маанилүү деген.

“Экономикалык абалыбыз жакшырып барат”

Эми изилдөөнүн социалдык-экономикалык өңүтүнө назар бурабыз.

Изилдөөгө таянсак, 2020-жылдан бери жалпысынан мамлекет туура багытта өнүгүп баратканына ишенген калктын саны улам өсүп баратканы көрүнөт. Мындай пикирдегилер 2022-жылы рекорддук 85% чейин жеткен болчу. Бирок, кийин 76-78% төмөндөп барып, соңку сурамжылоодо кайра 82% көтөрүлгөн. Ал эми “туура эмес багытта” дегендер акыркы эки жолку сурамжылоодо тең 14%ды түзгөн.

Респонденттерге “Акыркы 12 айда Кыргызстанда экономикалык абал кандайча өзгөрүлдү?” деген суроо берилген. Мурунку сурамжылоого салыштырмалуу “абдан жакшырды” дегендер 6% көбөйүп, “кайсы бир деңгээлде жакшырды” дегендер 4% азайган. Ал эми “ошол эле бойдон калды” дегендер 1% өссө, “кайсы бир деңгээлде начарларды” деп жооп бергендер, тескерисинче, 1% азайган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармактардагы баракчасында изилдөөдөгү көрсөткүчтөрдү өкмөттүн экономикалык саясатынын жетишкендиктери катары сыпаттап жазды.

“Болуп көрбөгөндөй экономикалык өсүү жана социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жетишкендиктер менен катар, эл аралык финансылык институттардын биздин фискалдык-финансылык саясатыбызды колдоосун угуп жатабыз. Ички сурамжылоолорубуз көрсөткөндөй, биздин курсубуздун калк арасында бийик деңгээлде кабылданып жатканы өзгөчө мааниге ээ. Эл аралык республикалык институттун сурамжылоосунун жыйынтыгы президенттин саясатын колдоо батыл өсүп жатканын, үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалы жакшырып баратканын жана мамлекеттик тузүмдөрдөгү коррупциянын бир кыйла азайып келатканын көрсөтөт. Коомчулуктун Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан курсту кызуу колдоого алышы алдыдагы экономикалык өнүгүүдөгү ийгиликтерди, жарандарыбыздын жашоо сапатынын жакшырышын жана дагы да адилеттүү экономикалык чөйрө түзүүнү камсыздайт”.

Ошол эле маалда, жарандардын жашоо-турмушун чагылдырган бир катар конкреттүү көрсөткүчтөр да бар.

Эл аралык республикалык институттун сурамжылоолору: үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалы
Эл аралык республикалык институттун сурамжылоолору: үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалы

Респонденттердин 68% үй-бүлөсүнүн учурдагы экономикалык абалын “кайсы бир деңгээлде жакшы” деп көрсөткөн. Бул 2023-жылдын май айындагы сурамжылоого караганда 1%га жогору көрсөткүч. “Абдан жакшы” дегендер да 1%га өскөн, ал эми “начар” дегендердин саны 1% азайган.

“Акыркы 12 айда үй-бүлөңүздүн финансылык абалы кандай өзгөрдү?” деген суроого “абдан жакшы” деп жооп бергендер былтыркы көрсөткүчкө караганда 3% өссө, “кайсы бир деңгээлде жакшы” дегендер 4% азайган. Ал эми “ошол эле бойдон калды” жана “кайсы бир деңгээлде начарларды” дегендерге 1%дан кошулган.

Сурамжылоодон көз ирмемге четтеп, Кыргызстандын мамлекеттик статистикасына көз жүгүртүп көрсөк, өлкөдө жыл ичинде табылган 700 млрд сомдон ашуун жалпы акчалай кирешенин 45,7% калктын байманалуу 20% бөлүгүнүн капчыгына түшөт. Ал эми эң аз камсыз болгон дагы бир 20%нын үлүшүнө ошол акчалай кирешенин 5,6% туш келет.

Бир катар серепчилер жалпысынан алганда объективдүү экономикалык өсүштөр байкалып жатканын белгилешүүдө. Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев өлкөдө инфратүзүмдүк долбоорлор көбөйгөнүн, ишканалардын менен өндүрүштүн саны өсүп жатканын, фискалдык реформалар көмүскө экономиканы бир кыйла ачыктап, бюджетке түшкөн каражаттын көлөмүн көбөйткөнүн айтат. Муну менен катар кымбатчылык өсүп, карапайым калктын жашоо-шартын оорлотуп жатканына токтолду.

“Биринчиден дүйнө жүзүндө товар берүүчүлөрдүн баалары өсүп кетти. Бул көнүмүш эле адат, эгерде акча көбөйсө – баалар өсөт. Нарктын өскөнүнүн натыйжасында баалар түшпөй жатат. Анын бизге да кедергиси тийип жатат. Бизде товарлардын 70% импорт да, а биз аны долларга сатып алабыз. Кыргызстанда кирешелер жай өсүп, глобалдык инфляциянын кесепетинен баарыбызга кымбатчылык болуп жатат. Орточо үй-бүлөлөрдүн айтуулары боюнча, орто классты алганда, жашоо үчүн айына 100 миң сомго чейин коротушат экен. Жөн гана жашоо-тирилик үчүн. Калктын кирешеси андан ылдый катмарында абал аябай оор болуп жатат. Эгерде беш жыл мурда ушундай үй-бүлөлөргө айына 15000 сом жетсе, азыркы кезде кеминде 40 миң сом керек”.

Кымбатчылык жакырларды кыйнады

"Эл аралык республикалык институттун" сурамжылоолору: эң олуттуу көйгөйлөр
"Эл аралык республикалык институттун" сурамжылоолору: эң олуттуу көйгөйлөр

Сурамжылангандардын 27% “мамлекет үчүн эң олуттуу көйгөй” деп жашоо деңгээлинин абалын жана баалардын кымбаттыгын көрсөткөн. Каражаттын тартыштыгын белгилегендер да (20%) бир кыйла олуттуу катмарды түзөт.

Бишкек шаарынын тургуну Нургазы Мусаев Кыргызстанда кымбатчылык калың калкты кыйынчылыкка кептеп, жакырлардын айласын курутуп баратканын айтып турат.

“Негизги мүлк болгон үй салуу, чоң бир ишканаларды же бизнес ачуу бул жакта турсун, азыр жөн эле жан багуу, сапаттуу тамактануунун өзү кыйын болуп калды. Ошондуктан, азыр миграция аябай күчөдү, мурда Орусияга көп болчу, азыр Европага аябай күчөдү. Мен айрыкча кафелердин, чайканалардын тамагы кымбаттаганына аябай таң калып жатам. Эки эсе кымбаттап кетти. Мисалы, Бишкек шаарында азыр жөнөкөй эле кафеге кирсең, бир адам 500 сомсуз тойбой калды. Азыр капитал билгелүү бир байлардын колуна чогулуп калды. Алар капиталды кайра бир бизнеске салып, же имарат куруп, ижарага берип коюп жүрөт. А жалпы эл жакырлангандан-жакырланып эле кетип жатат”.

25% калк: олуттуу көйгөйүбүз жумушсуздук

Ал эми көйгөйдү үй-бүлө деңгээлинде атай келгенде, респонденттердин ¼ (25%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту атаган. Андан кийин каражаттын жетишсиздигин (20%), баалардын жогорулашын (16%), айлык, пенсия, жөлөк пулдардын аздыгын (13%) жана турак-жай көйгөйүн (11%) көрсөтүшкөн.

"Эл аралык республикалык институттун" сурамжылоолору: жумушсуздук
"Эл аралык республикалык институттун" сурамжылоолору: жумушсуздук

Социалдык маселелер боюнча серепчи Жамийла Тогузбаева мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси өскөнү калктын кирешесине бир топ огожо болуп калганын айтат. Бирок, жеке компанияларда иштегендер кирешенин тартыштыгы менен кымбатчылыкты жон териси менен жакшы эле сезип жатышат дейт.

“Мамлекеттик статистика компаниялардын, жеке ишкерлердин берген отчетторуна карап жазылат да. Ошондуктан, ал болгону маалыматтарды жалпылап чыгарат. Айлык акы, албетте, жогорулады. Бирок, мамлекеттик кызматкерлердики гана олуттуу түрдө жогорулады, алардын маянасы азыр 40 миңден 70 миң сомго чейин. Башка жагынан алганда, жеке компаниялардыкы мурдагыдай эле төмөн деңгээлде калып калды да. Мамлекеттик кызматкерлер бир кыйла көп болгондуктан, статистиканы эсептегенде, маянанын өскөнүн көрсөтөрү турган иш. Мен, маселен, жеке компанияда иштейм. Биздин маянабыз жети жыл ичинде 5000 сомго эле көтөрүлдү. Карап көрсөңөр, мамлекеттик кызматкерлерге эки эсе көтөрдү, мурда 30 миң сом алгандар 60-70 миң сом алып калышты. А бизде болсо маяна 30 миң сом болчу, азыр 33-35 миң сом болуп калды. Жеке тармакта көп деле өзгөргөн жок, мамлекеттик тармак болсо 2-3 эсе көбөйгөндүктөн, жакшы эле сезип калды”.

2023-жылдын май айындагы сурамжылоого салыштырганда, бул жолу эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту атагандар 10% көбөйгөн (15%дан 25%га чейин). Жумушсуздук шаардыктарга караганда айыл жергесинде көбүрөөк курч экени көрүнөт (29%). Ал эми шаар калкы үчүн каражаттын жетишсиздиги (21%), баалардын кымбаттыгы (19%), социалдык төлөмдөрдүн аздыгы (19%) жана турак-жай маселеси (17%) алдыңкы планда турат.

"Эл аралык республикалык институттун" сурамжылоолору: жумушсуздук - шаардын жана айылдын калкы
"Эл аралык республикалык институттун" сурамжылоолору: жумушсуздук - шаардын жана айылдын калкы

Ошол эле маалда, Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2023-жылы жумушсуздуктун деңгээли 4,9%ды түзүп, мурунку жылга караганда 0,4%га азайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG