Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Президент ЖМКлар менен диалогго даяр экенин билдирди


Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жалпыга маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. 7-март, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы жалпыга маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. 7-март, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 7-мартта Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту.

Жабык форматта өткөн жолугушуу бир катар жетекчилердин демилгеси менен учурдагы талуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулганын президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу түрдүү медиалардын 40тан ашуун өкүлү катышты. Президент менен ЖМК жетекчилеринин ортосундагы баарлашууда коомго жана түздөн-түз медиа үчүн маанилүү маселелердин ар кандай өңүттөрү талкууланды.

Президент Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айтты.

ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Уланбек Ниязбеков жана башкы прокурор Курманкул Зулушев катышты.

Садыр Жапаров былтыртан бери журналисттер үчүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрө элек. 18-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде "айрым журналисттер көбүнчө кычыктанып суроо беришет" деп, жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын Элдик курултай алмаштыра турганын билдирген.

Бирок быйыл 15-декабрда өткөн курултайда президенттин эл алдындагы отчету эмес, делегаттардын президентке өтүнүчү, даттануусу көбүрөөк айтылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG