Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Ирандык активисттер эл аралык коомчулукту Ислам Республикасын бойкоттоого чакырышты


Нобель сыйлыгынын лауреаты Наргес Мохаммади.
Нобель сыйлыгынын лауреаты Наргес Мохаммади.

"Фарда" радиосу кабарлагандай, ондогон ирандык активисттер эл аралык коомчулукту "гендердик апартеид" жасаганы үчүн Ислам Республикасын бойкоттоого чакырышты.

8-март Аялдардын эл аралык күнүндөгү билдирүүсүндө 40тан ашуун активист Иранда 2022-жылдагы кандуу тополоңдон улам келип чыккан “Аялдар, Жашоо, Эркиндик” кыймылынын жетишкендиги катары Ирандагы милдеттүү хиджабга каршылык көрсөтүү иш-чарасын белгилешти.

Ирандык Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргес Мохаммади Ирандагы "гендердик апартеидди" кылмыш катары айыптоо үчүн дүйнөлүк коомчулуктан жардам сурады. Тегерандын Эвин абагында жаткан Наргес Мохаммади адам укуктарын коргогон жана феминисттик уюмдарга, ошондой эле демократиянын, эркиндиктин жана теңдиктин коргоочуларына кайрылып, Иран менен Ооганстандагы гендердик апартеидди кылмыш деп эсептөөгө чакырды.

“Ислам Республикасынын режиминдеги гендердик апартеид тымызын, алдамчы жана адаштыруучу жол менен иш алып барууда, бул жосун диний көз караштагы өкмөттүн принциптерине таянуу менен күчөп жатат”, - деп жазган Наргес Мохаммади.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам дарга асылган.

АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына эң көп тартылган Кытайдан кийинки эле өлкө катары айыптап келишет.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG