Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Эрдоган Түркия орус-украин саммитин өткөрүүгө даяр экенин билдирди


Владимир Зеленский жана Режеп Тайып Эрдоган
Владимир Зеленский жана Режеп Тайып Эрдоган

Түркия Украинадагы согушту аягына чыгаруу максатында Киев менен Москванын саммитин өзүндө кабыл алууга даяр. Бул тууралуу өлкө лидери Режеп Тайып Эрдоган жума күнү Стамбулда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүдөн кийин билдирди.

Эки президенттин катышуусундагы маалымат жыйында Эрдоган "Анкара Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын" айтты. Мындан тышкары эки тараптуу жолугушууда согуштук кырдаал, Кара деңиздеги коопсуздук жана үзгүлтүккө учураган дан экспорттоо келишими тууралуу кеңири талкуу болгонун кошумчалады. Согуштук аракеттер соңуна чыккандан кийин Түркия Украинаны калыбына келтирүүдө жигердүү жардам берерин да белгиледи.

Владимир Зеленский Швейцарияда пландалган тынчтык саммитине Орусия чакырылбай тургандыгын, Украинанын союздаштары менен талкуу жана макулдашуудан кийин гана келерки саммиттерге чакырылышы мүмкүн экенин билдирди.

Февраль айында Украина Швейцарияда глобалдык Тынчтык саммитин өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланган. Ага 160тан ашуун мамлекеттен өкүлдөр катышары, тизмеге Орусия кирбегени белгилүү болгон.

Орус бийлиги Украинанын "тынчтык формуласын" ылайыксыз деп тааныйт. Москва Украина боюнча пландарды орусиялык өкүлдөрсүз талкуулоо натыйжа бербейт деп эсептейт.

Владимир Зеленскийдин Стамбулга келиши орус президенти Владимир Путиндин шайлоодон кийин, март айынын ортолоруна мерчемделген Түркияга иш сапарынын алдында болду. Түркия НАТОнун мүчөсү, ал Украинанын аймактык бүтүндүгү үчүн экенин дайыма айтып, ошол эле учурда Москва менен жана орус расмийлери менен да жылуу мамилени камсыздап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG