Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Күрөш: Медет кызы, Тыныбекова жана Шаршенбеков Түркиядагы мелдеште алтын тагынды


Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы.
Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы.

Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 аталышындагы эл аралык мелдеште кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болушту. Андан сырткары Калмира Билимбек кызы, Үзүр Жусупбеков жана Автандил Таалайбек уулу коло медал тагынышты.

Түркиянын күрөш федерациясынын жазганына караганда, 8-мартта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова 1-орун үчүн беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы 5:0 эсебинде утту. Тыныбекова буга чейин америкалык Мерилин Гарсияны, түркиялык Кадрия Аксойду жана орусиялык Амина Танделованы жеңип, финалга чыккан.

Күрөштүн бул түрүнөн 59 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы коло медалга ээ болду. Ал эми 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 4:3 эсебинде утуп, жеңүүчү болду.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалда ирандык Амирреза Дехбозоргини утуп, жеңүүчү болду. Күрөшүн бул түрүнөн 63 килограмм салмакта Автандил Таалайбек уулу менен 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болушту.

77 килограмм салмакта Акжол Махмудов 1/16 финалда түркиялык Серкан Аккоюнду утуп, 1/8 финалда дагы бир түркиялык Юксел Сарычичекке жеңилди. Сарычичек эгер финалга чыкса Махмудовго көңүл жубатуучу беттешке чыгууга жол ачылмак. Бирок Сарычичек жарым финалда ирандык балбанды 7:3 эсебинде жеңип келе жатып, атаандашын жаакка чаап, жапырт мушташ болуп, эки балбан тең таймаштан четтетилди.

7-мартта башталган Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 эл аралык мелдеши 10-мартка чейин уланат. Бүгүн, 9-мартта эркин күрөштөн беш салмакта таймаштар болот. Кыргызстандын атынан 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков, Бекзат Алмаз уулу, Бекболот Мырзаназар уулу, 65 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков, 74 килограмм салмакта Орозобек Токтомамбетов, 86 килограмм салмакта Атай Изабеков менен Нуртилек Карыпбаев жана 97 килограмм салмакта Андрей Аронов күч сынашат.

Мелдешке 25 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу келди. (ECh/NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG