Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Орусия түндө Украинанын 47 дронун атып түшүргөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 9-мартка караган түнү Украинага таандык 47 дрон жок кылынганын билдирди. Анын 41и Ростов облусунда, калгандары Волгоград, Курск жана Белгород облустарында атып түшүрүлгөн.

Ростов облусунун губернатору Василий Голубевдин айтымында, дрондорго чабуул жасоо учурунда эч ким жабыр тарткан эмес. Соккудан кийинки кырдаалды жөнгө салуу учурунда ӨКМ кызматкери жаракт алган. Учурда ал ооруканада.

Ал эми Курск облусунун башчысы Роман Старовойт атып түшүрүлгөн украиналык дрондун сыныктары бейтапкананын чатырына түшкөнүн билдирди. Жаракат алгандар болбогону менен жарылып кетүү коркунучунан улам реанимация бөлүмүндөгү бейтаптар эвакуацияланган.

9-мартка караган түнү Украинанын аймагына орусиялык дрондор кайрадан чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын Аба күчтөрү кабарлады. Алардын эсебинде 15 учкучсуз учактын 12си Днепропетровск, Донецк, Полтава облустарында атып түшүрүлгөн. Жараат алгандар же каза тапкандар тууралуу маалымат айтылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG