Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:04

"Вечерний Бишкектин" доосу боюнча "Кактус Медианын" журналисти 100 миң сом айыппул төлөдү


"Кактус Медиасынын" журналисти Диля Юсупова "Вечерний Бишкек" медиасынын доо арызынын негизинде талап кылынган 100 миң сом компенсацияны төлөп берди. Бул тууралуу жаңылыкты журналист "Азаттыкка" өзү ырастады.

Анын айтымында, керектүү сумма ашар (краудфандинг) жолу менен чогултулган. Буга чейин "Кактус Медиасынын" жамааты медиага жана анын кызматкерине тагылган доодон кутулуу үчүн краудфандинг жарыялаган. Натыйжада Юсупованын эсебине 146 миң сом чогултулган. Калган каражат "Кактус Медиага" тагылган доону төлөөгө коротулат.

“Вечерний Бишкек” басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макалага байланыштуу Kaktus.media басылмасын былтыр январь айында сотко берген. Буга 2022-жылы декабрда Kaktus.media “Вечерний Бишкек” гезити 2023-жылдын январь айынан баштап чыкпай турганын, электрондук vb.kg сайты калганын жазганы негиз болгон.

“Вечерний Бишкек” бул кабар чындыкка дал келбейт деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон. Журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом, калган 25 миллион сомун сайттын өзүнөн өндүрүүнү талап кылган.

Былтыр 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырган. Башкача айтканда кабардагы “банкрот” деген сөз гана жокко чыгарылган.

Басылманын журналисти Диля Юсупова 100 миң сом, Kaktus.media деген бренд менен таанымал “ПроМедиа Плюс” коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом - баш-аягы медиа жана анын кызматкери 600 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

Бул жалпыга маалымдоо каражаты Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда көп суммадагы акчалай доого жыгылган биринчи окуя болуп калды. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG