Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Нигерияда мектептен 300дөй окуучу уурдалды


Нигерия, март, 2024-жыл.
Нигерия, март, 2024-жыл.

Африкадагы Нигерия өлкөсүндө куралчан кишилер мектептен уурдап кеткен 280ден ашуун баланы издөө уланууда. Окуучулары уурдалган мектептин өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин сөзүнө караганда алгач 300дөн ашуун өспүрүм жоголгон.

Айрым өспүрүмдөр куткарылып, кээ бири качып кетүүгө үлгүргөн. Азыр дайынсыз окуучулардын саны 286дан кем эмес экени кабарланды. Мектеп мүдүрү окуучуларды сактоого аракет кылган бир киши атып өлтүрүлгөнүн билдирди.

Күбөлөр 50дөй куралчан адам мектепке кирип келип, абага ок чыгарганын айтып берүүдө. Азыр полиция токойлорду аралап, окуучуларды уурдаган куралдуу топторду издеп жатат.

Бул окуя боюнча азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Associated Press жана Reuters белгилегендей, соңку кезде эч кандай идеологиялык багыты жок кылмыштуу топтор кайра сатуу талабы менен адам уурдоого көп бара баштады. Бул жергиликтүү фермерлер менен арыздаша кеткен малчылар деле болушу ыктымал.

Балдарды, аялдарды уурдап кеткен учурлар Нигерияда байма-бай болуп турат. Курига айылындагы окуучуларды массалык уурдоо 2014-жылкы окуядан кийинки эле чоң окуя болуп калды. 2014-жылы "Боко Харам" радикал тобу Чибокедеги жатаканадан 270 окуучу кызды уурдап кеткен. Анын 98и дагы деле барымтада. Уурдалган кыздарды эркектер мажбурлап аял кылып, алардын айрымдары ата-энесинин үйүнө балалуу болгондон кийин кайтып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG