Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Европада “Кыргыз кызы” айкели орнотулат


Германиянын бир шаарына "Кыргыз кызы" деп аталган айкел орнотулат. Бул тууралуу бүгүн 9-мартта Польшанын борбору Варшава шаарында өтүп жаткан Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин алгачкы форумунда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал Европанын ар кайсы өлкөлөрүндө окуп, билим алып жаткан кыргызстандык кыз-келиндердин интеграциясындагы ийгиликтерди белгилеп, алды ошол мамлекеттин жергиликтүү бийлик органдарына депутаттыкка ат салышкан деңгээлге жетишкенин кошумчалады:

“Силердин бул жерге келип иштеп, окуп, тажрыйба топтоп жүргөнүңөр биздин тарыхыбыздын бир чоң этабы. Европага келип, ат салышып, жергиликтүүлөр менен тизгин талашып, бизнес ачып иштеп жүргөн кыздарыбызды көрүп жатабыз. Сиздерге колдон келген жардамды бергенге даярбыз”, - деди элчи.

Айкелди белгилүү кыргызстандык скульптор Тамила Маматова жасап жатат.

Бүгүн, 9-мартта Польшанын борбор шаары Варшавада Кыргыз Республикасынын аялдарынын биринчи европалык форуму өтүп жатат. Форумда Европадагы кыргызстандык айымдардын өлкөгө кошкон салымы, миграция маселеси талкууланууда. Ага Европанын бир катар аймагынан келген айымдар катышууда.

Европа өлкөлөрүндө ушул тапта миңдеген кыргызстандык окуп, иштеп, жашап келе жатат. Былтыр Кыргызстандын Берлин шаарындагы элчилигинин жанында "Бала манасчы" айкели орнотулган. Расмий маалымат боюнча Польшанын өзүндө эле 8 миңден ашуун кыргызстандык бар. Алардын көбү билим алуу үчүн келген студенттер. Акыркы жылдары бул өлкөгө кыргыз жарандары кара жумушка да атайын келишимдин негизинде тартыла баштады. (RK/NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG