Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Кемпир-Абад иши: Аймактарда абактагыларды бошотуу талабы менен акциялар өттү


Жер-жерлерде абактагыларды бошотуу талабы менен өткөн акция. 9-март, 2024-жыл.
Жер-жерлерде абактагыларды бошотуу талабы менен өткөн акция. 9-март, 2024-жыл.

Бүгүн, 9-март күнү Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуу талабы менен бир нече жерде акция өттү.

Нарын облусунун Дөбөлүү айыл аймагынын Кеңеш, Алыш, Дөбөлүү, Орток, Эки Нарын айылдарынын тургундары жарандык активист Илгиз Шаменовду абактан бошотуу жана саясий куугунтукту токтотуу талабы менен тынчтык митингин өткөрүп, бийликке кайрылуу жолдошту. Акциядан тартылган видео Шаменовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Айыл тургундары өз кайрылуусунда президент Садыр Жапаровдон, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевден Илгиз Шаменовду бошотууну, анын ишине жеке көзөмөл кылууну суранышты.

Ал эми абактагы саясатчы Азимбек Бекназаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында Аксы жергесинде өткөн акциянын видеолорун жарыялады. Аксыдагы акциянын катышуучулары Кемпир-Абад боюнча камалган саясатчыларды, пикири үчүн куугунтукталган журналисттерди, активисттерди бошотууну талап кылышкан.

Ушундай эле талап менен Таластын Көк-Токой айылында да акция өттү. Отуздай адам Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды, журналисттерди бошотууну жана соттордун ачык болушун талап кылышты. Алар абактагы Айбек Бузурманкуловду коргоо комитетин түзүшкөнүн анын жубайы Толгонай Солтонова "Азаттыктын" кабарчысына билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптаган. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп эсептешет. (NbA/MkT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG