Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:51

Орбан: Трамп шайланса, Украинага акча бөлүнбөйт


Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 8-март, 2024-жыл. Орбандын кеңсеси тараткан сүрөт.
Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 8-март, 2024-жыл. Орбандын кеңсеси тараткан сүрөт.

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушка чекит коюу боюнча “кеңири планы бар экенин” жана ал кайра шайланса Киевге каржылык жардам берүүнү токтотуу ниети бардыгын айтты.

“Ал украин-орус согушуна бир да тыйын бербейт, ошентип согуш токтойт. Эгер америкалыктар акча жана курал бербесе, европалыктар да ошентсе бул согуш токтойт. Эгер америкалыктар акча бербесе, европалыктар бул согушту өз алдынча каржылоого дарамети жетпейт. Ошондо согуш токтойт”,- деди Орбан 10-марттын кечинде мамлекеттик M1 телеканалына маек куруп жатып.

Анын өкмөтү Киевге курал-жабдык берүүдөн баш тартып, Москва менен байланышын сактоого аракет кылып келет.

Өткөн жумада Орбан Кошмо Штаттарга барып, Трамп менен Флоридада жолуккан. Ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлдөрүнө кезиккен эмес.

Трамптын шайлоо штабы Орбан менен жолугушууда “АКШ жана Венгрияга тиешелүү кеңири суроолордун айланасында” сөз болгонун жарыялаган. Билдирүүдө Украина тууралуу сөз жок.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 11-мартта расмий Москва Орбандын билдирүүсү тууралуу кабардар экенин айтып, комментарий бербестигин кошумчалады.

Учурда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы республикачылар Украинага 60 миллиард долларлык жардам пакетин беките элек. Сенат жардам бөлүүнү колдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG