Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Орусиянын Украинага чектеш эки облусунда кайра кармаш жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Украина менен чектеш эки облусунда кайрадан атышуу болуп жатканын 14-мартта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Курск облусунун губернатору Роман Старовойт өзүнүн Телеграм-каналына "украиналык диверсиялык-чалгын топтор" (ДРГ) Теткино кыштагы аркылуу аймакка кирүү аракетин кайрадан улантып жатышканын жазды.

Ошону менен катар Старовойт Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) чек арачылары жана орусиялык аскерлер аларга "андай мүмкүнчүлүк бербегенин жана бербей турганын" кошумчалады.

Росгвардия Теткино кыштагынын тушунда Курск облусуна кирип барууга аракет кылгандар бар экенин билдирди жана аларды диверсанттар деп атап, аскерлер салгылашып жатышканын маалымдады. Бул тууралуу "Интерфакс" жазды.

Орусиялык айрым блогерлер жана бийликке жакын пабликтер Белгород облусунда «диверсанттар» чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканын маалымдашканын Би-Би-Си билдирди.

Белгород облусунун аймагына өтүү аракети көрүлгөнүн өзүн «аскер кабарчысы» деп атаган Александр Коц жана Mash Телеграм-каналы жазышты. Сподарюшино кыштагынын тушунда, алардын айтымында, кармаш жүрүп жатат.

Дагы бир «аскер кабарчысы» Семен Пеговдун WarGonzo долбоору Сподарюшино кыштагынын жанында атышуу болуп жатканын, орусиялык аскерлер жана чек арачылар адамдарды жана алардын техникасын жок кылып жатышканын жазды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG