Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Пикир үчүн айыпталган Каныкей Аранованын соту жылды


Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Каныкей Аранованын соту бүгүн, 15-мартта Биринчи май райондук сотунда каралып, 28-мартка жылдырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын эжеси Ырысгүл Аранова билдирди.

"Бүгүн өзү суралган жок. Эксперттер суралмак экен, алар келбей коюп, отурум 28-мартка калтырылды", - деди Ырысгүл Аранова.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 1-февралда Москвадан кармалып келгени кабарланган. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын эжеси Ырысгүл Аранова билдирип, аны менен кошо 11 жаштагы кызы да алып келингенин, тергөөчүлөр кызды Ошко учак менен салып жибергенде тосуп алганын айткан.

Каныкей Арановага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен айып тагылган.

Эжеси Ырысгүл Аранованын айтымында, Каныкей анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк- аккаунттан жазылган пикири үчүн айыпталууда.

Ички иштер министрлиги Каныкей Аранованын иши боюнча комментарий бере элек.

37 жаштагы Каныкей Арановага 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголуп, 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG