Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:46

Тажикстанда банкирдин өлүмү үчүн беш киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды


Солдон оңго: Дилшод Саидмуродов, Бахтовар Сафаров жана Акбар Аҳмадов.
Солдон оңго: Дилшод Саидмуродов, Бахтовар Сафаров жана Акбар Аҳмадов.

Тажикстанда белгилүү банкирдин өлүмүнө айыпталган 14 кишинин бешөө - Дилшод Саидмуродов, Камаруззамон Азизов, Акбар Ахмадов, Бахтовар Сафаров жана Шохрух Хужаев өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. “Азаттыктын” тажик кызматы билдиргендей, «Ориенбанктын» төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоевдин өлүмү боюнча өкүм бүгүн 18-мартта жарыяланды.

Калган тогуз киши 1 жылдан 8 жылга чейинки түрдүү мөөнөттөргө түрмөгө кесилди.

Быйыл январь айында башталган сот жараяны жабык өттү.

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон кылмышка тиешеси бар адамдар жалпысынан 18 экенин, алардын экөө издөөдө жүргөнүн, дагы экөө каза болгонун (бирөө тергөө абагында) февраль айында билдирген.

49 жаштагы Шухрат Исматуллоевди былтыр 23-июнда уурдап кетишкен. Башкы прокуратура аны уюшкан кылмыштуу топ машинага күчтөп салып кетип, ур-токмокко алып, түрдүү каражаттар менен кыйнап өлтүргөнүн, кылмыштин изин жашыруу максатында Дүйшөмбү – Чанак автожолунун 130-чакырымындагы Заравшан суусуна таштап жиберишкенин маалымдаган.

Маркумдун сөөгү 15-августта Пенжикент шаарынын чет жакасындагы Саразм кыштагынан табылып, 30-августта жерге берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG