Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Оторбаева 24.kg маалымат агенттигиндеги өзгөрүүлөрдүн себебин түшүндүрдү


Асел Оторбаева 24.kg агенттигине тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин, УКМКга суракка бараткан кези. Январь, 2024-жыл
Асел Оторбаева 24.kg агенттигине тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин, УКМКга суракка бараткан кези. Январь, 2024-жыл

24.kg маалымат агенттигинин мурдагы ээси жана директору Асел Оторбаева агенттиктин айланасындагы окуялар, жетекчилигинин алмашуусу тууралуу комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына агенттиктин башчылыгынан кетүү чечимин былтыр эле кабыл алганын, бул тууралуу эмгек жамааты кабардар болгонун жазды.

"Эч кандай рейдерлик болгон жок. "Негиздөөчүлөрдүн" арасына Шерипбаева кантип кирип калганын Юстиция министрлиги менен тактап алам", - деп жазды ал.

Асел Оторбаева агенттиктин жаңы директору жана ээси Алмас Турдумаматов тууралуу оюн айтып, аны журналист катары көптөн бери тааный турганын, чогуу иштегенин, мамлекеттик органдар менен кызматташуу тажрыйбасы бар, эки тилдүү адис экенин белгилеген.

Сүйлөшүүлөр узак болгонуна токтолуп, согушту пропагандалоо боюнча айыптоо жана тинтүүлөр буга тоскоол болгонун билдирген. Бул маселелердин баары өзүнө гана тийиштүү экендигин, жаңы жетекчиге тиешеси жоктугун белгилеген.

Редакциялык саясатты өзгөртүү тууралуу сөз болбогонун, мындан ары болбойт деген ишеничин айткан. Оsoo.kg сайтындагы мурдагы маалыматта Асел Оторбаева 2017-жылдан бери 24.kg агенттигинин ээси жана жетекчиси болуп келаткан.

24.kg агенттиги 15-мартта кайра каттоодон өтүп, анын ээси жана директору Гүлжан Шерипбаева болгону Юстиция министрлигинин сайтына 18-мартта жарыяланган. Бирок Шерипбаева аталган агенттикке тиешеси жоктугун "Азаттыкка" билдирген.

19-мартта ушул эле сайтка 24.kg агенттигинин жетекчиси жана ээси Алмас Турдумаматов болгону тууралуу маалымат жарыяланды.

15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин ошол кездеги директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. 24.kg агенттигинин кеңсеси 15-январдан бери жабык турган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

24.kg – Кыргызстанда интернет тармагында гана иш алып барган медиа. Ал 2006-жылы Юстиция министрлигинен маалымат агенттиги катары каттоодон өткөн. Негизинен кыска жаңылыктарды жазуу менен алектенген сайт, мындан сырткары, кенен макалаларды, журналисттик иликтөөлөрдү, фото-видео репортаждарды, графикалык жана башка форматтагы материалдарды жарыялап турат. Агенттиктин басма сөз жыйынын өткөрчү аянтчасы да бар. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG