Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Кочкордун акиминин орун басары пара менен кармалганы кабарланды


Шектүүнүн кеңсесин тинтүү учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүнүн кеңсесин тинтүү учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Нарындын Кочкор райондук администрациясынын башчысынын орун басары жана башкы адиси Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине пара берүү фактысы менен кармалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын кабарлашынча шектүү кызматкерлер Министрлер кабинетининин токтому жана бекитилген ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабаганы аныкталган. Мыйзам бузууну жашыруу үчүн УКМК кызматкерлерине 30 миң сом пара сунуштап, электрондук капчыгына каражат которушкан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Жакында эле Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев Чүй облусунун Ысык-Ата районуна которулуп, аны ордуна Камил Чоткараев дайындалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG