Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Иранда жылаңбаш жүргөнү үчүн кармалган активист аял сотко катышпай турганын билдирди


Седиге Васмаги.
Седиге Васмаги.

Иранда жылаңбаш жүргөнү үчүн айыпталып, камакта отурган окумуштуу, укук коргоочу жана активист аял Седиге Васмаги соттук отурумга барбай турганын, себеби аны мыйзамсыз деп эсептерин билдирди. Бул тууралуу бүгүн 20-мартта «Фарда» радиосу кабарлады.

Васмагини 16-мартта күч кызматкерлери үйүнө барып кармап кетишкен. Ага «системага каршы үгүт жүргүзгөн» жана «коомдук жайларда шариатка ылайык хижаб кийип жүргөн эмес» деген айып тагылууда.

Көптөгөн жылдар бою хижаб тагынып келген белгилүү юрист, акын жана жазуучу Иран бийлигин хижаб кийбеген кыз-келиндерди куугунтуктап, кысымга алууда деп социалдык түйүндөр аркылуу айыптап, түрдүү сүрөттөрдү жана маалыматтарды жарыялап жүрөт.

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини ал «диктатор» деп атап, саясатын «репрессиялык» деп баалаган.

Өзүнүн иши боюнча сотту мыйзамсыз деп атап жаткан активист ага катышпай турганын айтууда.

Айрым маалымат булактары Васмаги камакка алынгандан бери абалы начарлаганын, себеби анын жүрөк оорусу бар жана кан басымы жогору экенин билдиришти.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

Иран өкмөтү, президент Эбрахим Раисинин администрациясынын өкүлдөрү көчөгө жылаңбаш чыккан кыз-келиндерди сүрөт, видеого тартып, жайылткан адамдарды адатта колдоп келишет.

1979-жылы Иранда Ислам революциясы ишке ашкан. 1981-жылы кыздар 9 жашка чыккандан кийин башына жоолук салынып жүрүүгө милдеттүү деген эреже кирген, каршы чыккандар күч менен басылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG