Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:40

Орусиялык коомдук ишмерлер “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы боюнча Жапаровго кайрылышты


Бишкек шаарынын тургуну “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыккан. 10-июнь, 2023 Бишкек
Бишкек шаарынын тургуну “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыккан. 10-июнь, 2023 Бишкек

Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо уюмунун төрагасы Ян Рачинский, мигранттарга жана качкындарга жардам берген кайрымдуулук уюмунун башчысы Светлана Ганнушкина, жазуучу Борис Акунин жана “Машина времени” тобунун жетекчиси, музыкант Андрей Макаревич сыяктуу коомдук жаан маданий ишмерлер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Жогорку Кеңеш кабыл алган “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына вето коюуга чакырышты.

Алардын видео кайрылуусу Amnesty International (AI) эл аралык уюмунун сайтына жарыяланды. Анда Орусияда алар “чет элдик агент” макамын алып, бир топ кыйынчылыктарга туш болушканын айтып беришкен.

Коомдук ишмер Ян Рачинский Орусияда бейөкмөт уюмдардын каржыланышынын ачыктыгын камсыздоо үчүн кабыл алынган мыйзам жыйынтыгында репрессиялоо үчүн иштеп жатканын белгилеген. Кайрылгандар мыйзам аркылуу сөз эркиндиги, жарандык коомдун өкүлдөрү болуп көрбөгөндөй кысымга кабылып, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө дагы тоскоол болуп жатканын айтып беришкен.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Мыйзамда айрым жарандарга “Чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырып жатышат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өттү. Эреже боюнча, мыйзам долбоору парламенттин колдоосун алгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG