Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Президент Жапаров Март ыңкылабынын 19 жылдыгына карата элге кайрылды


Акаевдик бийликтин режимине каршы чыккан демонстранттар. 23-март, 2005-жыл.
Акаевдик бийликтин режимине каршы чыккан демонстранттар. 23-март, 2005-жыл.

Президент Садыр Жапаров 24-март элдик ыңкылап күнүнүн 19 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Кайрылууда элдин авторитардык бийликке каршы күрөшү “Аксы окуясынан башталып, 24-марттагы Элдик революция, 7-апрель окуялары менен уланып, акыры Октябрь окуясына алып келгендиги” белгиленген.

“Мамлекеттүүлүккө таасири зор мындай өзгөчө окуя, урунттуу учурлар баарыбызга сабак болушу керек! Баш мыйзамыбызда бадырая белгиленип жазылган бийликтин чыныгы ээси эл экенин эч качан унутпашыбыз зарыл. Эл жөндөн жөн эле толкубастыгын, негизи жок эле козголбой турганын жадыбыздан чыгарбашыбыз кажет. Кокус мунун баарын көз жаздымда калтырып, кайдыгер мамиле кылсак, бийликтин ээси болгон элибиз дагы, калыбынан жазбаган карт тарых дагы кечирбейт!” – деп жазылган кайрылууда.

2005-жылдын 24-мартындагы "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген окуяга быйыл 19 жыл болду. Ал күнү демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыгышкан. 4-марттан тарта Жалал-Абад облусунда, 18-марттан Ош облусунда бийлик оппозиционерлердин колуна өткөн. 24-марттагы Бишкектеги ири демонстрация башаламандык менен коштолуп, Акаевдин бийлиги кулаган.

2008-жылдан тартып бул күн Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG