Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Аба ырайы: үшүк, сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 31-мартта жана 1-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3°, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.

29-мартта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Мындан улам арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү сунушталды.

29-марттан 1-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек-Ош автоунаа жолундагы ашуу, капчыгайларда, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Кызыл-Бел-Ак-Таш автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

30-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 8…10° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG