Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Москвадагы кол салууга байланыштуу тогузунчу адам камалды


Назримад Лутфуллои
Назримад Лутфуллои

Москванын Басман райондук соту “Крокус Ситиге” кол салууга байланышы бар деп шектелген тогузунчу адамды, 23 жаштагы Тажикстандын жараны Лутфуллои Назримадды эки айга камоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди. Ага “террорчуларды каржылоо схемасына аралашкан” деген айып тагылууда. Бул берене боюнча Орусияда өмүр бою эркинен ажыратууга чейин каралат.

Апта башында Москванын Преображенск райондук соту Назримадды майда бейбаштыкка айыптап, 15 күнгө камаган. Соттун версиясы боюнча 23-мартта, кол салуунун эртеси күнү ал “Крокус-Ситиге” барган. Ал жактан документин талап кылган полициячыларды "сөгүп, баш ийбей койгон".

22-мартта Москвадагы концерттик залда болгон кандуу калабада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылды. Соңку маалыматка караганда, 382 адам жараат алды. Алар камуфляж кийген төрт кылмышкердин туш келди чыгарган огунан, андан кийин башталган өрттөн каза болду. Айрымдары оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан үзүлгөн.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алды. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен төрт киши - Далержон Мирзоев, Саидакрам Ражабализода, Шамсидин Фаридун жана Мухаммадсобир Файзов “теракты ишке ашырууга” шектелип, эки айга камалды. Алардын баары сотко жеткирилгенде кыйноо көргөнү даана билинди. Төртөө тең Тажикстанда туулуп-өскөнү белгилүү болду.

Андан тышкары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминчон жана Диловар менен камалды. Андан тышкары теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды.

XS
SM
MD
LG