Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Талаштуу ЖМК мыйзамы кайра карала баштады. Чектөөлөр алынабы?


“Азаттыктын” коллажы
“Азаттыктын” коллажы

Президент артка кайтарган талаштуу "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу үчүн жумушчу топ ишин баштады.

Анын бул жолку курамында өзгөрүүлөр болуп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү кирери, эл аралык уюмдар да байкоочу катары чакырылары белгилүү болду.

Медиакоомчулуктун өкүлдөрү жумушчу топтун иши ачык болуп, алардын сунушу эске алынышы керектигин белгилеп жатышат.

Маданият министрлигине жүктөлгөн жоопкерчилик

29-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өтүп, ага министр Алтынбек Максүтов катышты. Ал мыйзам долбоорун карап чыгууга эки ай убакыт берилгенин белгилеп, министрлик медиа коомчулугу менен тыгыз кызматташып, алардын сунуштарын угууга ачык экенин билдирген.

Азырынча жумушчу топтун курамы расмий түрдө бекитиле элек. Бул топко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу төрагалык кылары белгилүү болду.

Ал кайра кароо учурунда журналисттердин, медиа коомчулугунун сын-пикирлери эске алына турганын айтууда.

"Аптасына бир жолу, ар бейшемби күнү жолуга турган болдук. Кечээги жолугушууда кандай тартипте иштей турганыбызды аныктадык. Биз ЖМК өкүлдөрүнүн сунушун эске алганга аракет кылабыз. Буга чейин президент алар менен жолугушканда мыйзам долбоору тууралуу пикирин айткан. Аны кайра карап чыгууда акыркы чекитти жумушчу топ коёт. Кароо учурунда бардык сын-пикирлер эске алынат. Президент атайын чечим менен артка кайтаргандан кийин биз жакшылап иштеп чыгышыбыз керек", - деди Эсенгул уулу.

Эсенгул уулунун айтымында, жумушчу топту бекитүү боюнча буйрук бир-эки күн ичинде жарыяланат. Алдын ала маалымат боюнча буга чейин мүчө болгон ЖМК жетекчилеринен сырткары жумушчу топко мамлекеттик медианын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин эки депутаты Жанар Акаев менен Венера Раимбачаева кире турган болду. Ал эми эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жумушчу топтун жыйындарына байкоочу катары чакырылат.

7-мартта президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда алардын сунуштарын эске алып, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөткөн. Бул ирет жумушчу топту түзүп, мыйзам долбоорун даярдоо тапшырмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлдү.

Азыркы мыйзам долбоорундагы тобокелдиктер

Буга чейин жумушчу топту президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетектеген. Ал топко кирген медиакоомчулуктун өкүлдөрү берилген сунуштар эске алынбай, президенттик администрациянын юристтерин "өздөрү каалагандай мыйзам долбоорун даярдап жатат" деп айыпташкан.

Ага карабай, мыйзам долбоору жыл башында Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан.

Мындан улам мыйзам долбоорунун кайра каралып чыгышы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маанилүү жагдай болуп турат.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин жетекчиси, жумушчу топтун мүчөсү Нурдин Дүйшөнбеков долбоордун азыркы редакциясындагы кооптуу нормаларды атады.

"ЖМКларды каттоо маселесине көп көңүл бурулушу керек. Долбоор парламенттин тармактык комитеттеринде каралып жатканда да көп суроо ушул боюнча болгон. Ошондо демилгечилер муну моюнуна алышып, өзгөртүүгө макул экенин айтышкан. Мыйзам долбоорундагы дагы бир кооптуу жагдай, саналуу эле мамлекеттик кызматкерлердин, мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана президенттин расмий иш-чараларда сүйлөгөнүн чагылдырганыбыз үчүн биз жооп бербейбиз. Бирок аларды коридордон же башка жерден кезиктирип, атайын интервью алган учурда жоопкерчилик журналисттерге жүктөлүп калат экен. Бул акылга сыйгыс нерсе да. Ушуларды да кайра карап чыгуу керек".

55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Долбоорго ылайык, маалымат сайттары тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өтүшү керек. ЖМК катары каттоодон өтүү үчүн арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилет.
Мыйзам долбоорунда “Сөз жана басма сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жоопкерчилик” деген берене да каралган. Мындан сырткары мыйзам долбоорунда “өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбей турганы” (5-берене) белгиленген.
Ошондой эле “Өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин чектөөгө өзгөчө же согуштук абал шарттарында конституциялык мыйзамга ылайык жол берилери” да айтылат (1-берене).
Жалпыга маалымдоо каражаттарын ар кандай кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга тыюу салынары жазылып, анын ичинде “бийликти зомбулук менен басып алууга же Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө, массалык башаламандыктарды уюштурууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтуу үчүн” деген да кошулган.

Бул беренелер бир катар эл аралык уюмдарды жана айрыкча көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын тынчсыздандырып, бийликтин дарегине бир нече кайрылуу жолдонгон.

"Журналисттер, жарандык коом канааттанган мыйзам болушу керек"

Бул сапар жогорудагы тобокелдиктер толугу менен жоюлабы деген суроо турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул жолу жумушчу топ берилген сунуштарды эске аларына ишендирүүдө.

"Президент журналисттер менен жолуккандан кийин бул мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлер эске алынат деп айтыптыр. Ошого ишенип турабыз. Атайын жумушчу топ түзүлүп жаткандан кийин долбоордогу тоскоолдуктар алынат деп ойлойм. Эгерде жумушчу топ дагы ал кооптуу беренелерди ошол бойдон калтырса, муну парламенттен өткөрбөөгө аракет кылабыз. Журналисттер, жарандык коом «ушул мыйзам менен иштей алабыз» деп макулдугун бергенден кийин гана парламентте карай тургандай болушубуз керек".

"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору өлкөдө сөз эркиндигине байланыштуу талкуу, нааразылыктар күчөгөн маалда каралып жатат.

"Жапырт башаламандык уюштурууга" шек саналып, камалганына эки ай болгон 11 журналисттин үчөө 12-мартта үй камагына чыгып, сегизи абакта калды. 29-мартта Бишкек шаардык соту да алардын бөгөт чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырды. Алар милиция койгон айыпты четке кагышууда.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан 2023-жылы 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан. Мындан тышкары бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү сөз эркиндигине камтамачылыгын билдирип турат.

Эркиндик боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясы төмөндөп баратканы белгиленгени менен кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып, ЖМКларга жана жарандарга жоопкерчилик тууралууэскертип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG