Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Өкмөт экономиканын бардык тармактарында өсүү бар экенин айтты


Кыргызстандагы базарлардын бири.
Кыргызстандагы базарлардын бири.

Кыргызстанда жыл башынан бери экономиканын бардык тармактарында өсүү болгонун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. Анын айтуусунда, бул коронавирус пандемиясынан кийинки көрүнүктүү экономикалык туруктуулук.

Жыл башынан берки алгачкы кварталда мамлекеттик төлөмдөрдөн 164,2 млрд сом чогулган. Мунун ичинен 48 млрд сомду Салык кызматы, 29,3 млрд сомду Бажы кызматы чогулткан.

Акылбек Жапаров Кыргызстандагы турак жай курулушу, энергетикадагы кырдаал, Бишкек ЖЭБиндеги жарылуунун калыбына келтирилгени тууралуу да маалымат берди.

Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөттүк саат өтүп жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бардык министрлер жана жетекчилер парламентте маалымат берери күтүлүүдө.

2023-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн көлөмү 1 триллион сомдон ашып, 4,4% көбөйгөнү кабарланган.

Өкмөт 2024-жылга ИДӨнү 1 трлн 259 млрд сом деп пландап жатканын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG