Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Сербия Франциядан аскердик учак сатып алып жатканын билдирди


Александр Вучич жана Эммануэл Макрон.
Александр Вучич жана Эммануэл Макрон.

Сербия Францияда жасалган Rafale кыргын салуучу учактарын (истребитель) сатып алат. Бул тууралуу келишимге эки өлкө кол койгонун Сербиянын президенти Александр Вучич Парижде Франциядагы иш сапарынын жыйынтыгы боюнча уюштурулган пресс-конференцияда билдирди.

Вучичтин айтымында, мындай кадам анын өлкөсүнүн Аскердик-аба күчтөрүн олуттуу жаңылоого шарт түзөт.

Париждеги сапары учурунда серб президенти Франциянын башчысы Эммануэл Макрон жана башка расмий адамдар жана Rafale учактарын жасоочу Dassault Aviation компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Франция келишим түзүлгөнү тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Сербиянын аскердик-аба күчтөрү Советтер Союзунда жасалган эски МиГ-29 истребителдеринен жана мурдагы югославиялык учактардан турат.

Адатта Сербия курал-жаракты Орусиядан сатып алчу. Расмий Белград Европа Биримдигине талапкер болгонуна карабастан Батыштын Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизилген эл аралык санкцияларына кошулбай келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG