Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

15-апрель: Бишкек Тегеран менен Тель-Авивди тынчтыкка чакырды, вице-мэр Сазыкулов камалды


Орусиядагы Тобол дарыясынын жээгин бекемдөө иштери, 5-апрель, 2024-жыл
Орусиядагы Тобол дарыясынын жээгин бекемдөө иштери, 5-апрель, 2024-жыл

15-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргызстан Иран менен Израилди тынчтыкка чакырды

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында Кыргызстан аскердик аракеттер жалпы Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши ыктымалдыгын белгилеп, эки өлкөнү андан баш тартууга үндөйт. Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урду. Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн "өч алуу" деп түшүндүрдү. БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран-Израил жаңжалына байланыштуу 14-апрелде чукул жыйынга чогулду.

Барак эксклавынан көчүп чыккандарга мамлекет турак жай салып берет

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жаңы айыл Өзбекстан менен Барак айылына айырбашталган 208 гектар жерге түшөрүн, мамлекеттен 270 млн сом бөлүнгөнүн билдирди. Ал жер Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавында 98 турак жай, сегиз социалдык имарат болгон. Эксклавдагы кыргызстандык жарандарды көчүрүп чыгуу иштери 14-апрелде аяктады. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунда жайгашкан.

Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов 1-майга чейин камады

УКМК Максат Сазыкулов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалганын билдирди. Ага шаардан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берген, аянтты көрктөндүрүүгө жумшалган каражатты ашыкча көрсөткөн деген айыптар коюлууда. Аны менен кошо дагы бир ишкер кармалып тергөө абагына камалды. Максат Сазыкулов 2021-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек мэринин экономикалык маселелер боюнча орун басары, 2023-жылы октябрь айында вице-мэр кызматына дайындалган.

Израил Газадагы операциясы уланарын билдирди

Израил дүшөмбүгө караган түнү Газа секторуна абадан ондогон чабуул жасаганын ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) билдирди. Израил армиясынын (ЦАХАЛ)өкүлү Даниэл Хагари “ХАМАСтын колунда барымтада кармалып тургандарды бошотуу боюнча маанилүү миссия” уланарын айтты. Израил Газадагы аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган. Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 33 миңден ашканын ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Газада 130 израилдик барымтада отурат, алардын 30у каза тапкан болушу ыктымал экени кабарланган.

БУУ сотунда Азербайжан менен Армениянын иши каралууда

БУУнун Эл аралык сотунда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы бирин бири «этностук тазалоого» айыптаган иш боюнча отурум уланды. Эки өлкөнүн адвокаттары эки апта бою эл аралык укук нормаларынын негизинде өз жүйөлөрүн келтиришет. Бул сот процесси 2021-жылдын сентябрында башталган. Бир апта ичинде эки республика бирин бири «этностук тазалоого», Расалык дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндөгү эл аралык конвенцияны бузууга айыптаган арыздарын беришкен. Азербайжан былтыр сентябрда талаштуу Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы тургун үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Орусияда Тобол дарыясында суунун деңгээли кооптуу чектен ашты

Курган облусунда сел 880 үйдү каптаганын, кооптуу аймактардан дээрлик 13 миң киши эвакуация болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Тобол дарыясында суунун деңгээли дээрлик 6,5 метрге жеткени, 6 метрден ашса жээктеги аймактарды суу каптай турганы белгиленди. Курган облусунда өзгөчө кырдаал режими 8-апрелде жарыяланган. Томск облусунун Томск районунда, Бурятиянын Иволга районунда да суу каптоо коркунучунан улам жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Орусиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жетти. Күн жылып, кар эрий баштагандыктан Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат.

Казакстанда сел каптаган аймактарда эвакуация иштери уланууда

Түндүк-Казакстан облусунун Кызылжар районунда 894 жергиликтүү тургун эвакуацияланганын, алардын 112си балдар экенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. 1700дөн ашуун үйдү суу каптаган бул облуста буга чейин коопсуз жакка көчүрүлгөндөр 7 миңден ашуун адам болгон. Жалпысынан Казакстанда сел каптаган айыл-шаарлардан эвакуациялангандар 108 миңден ашты, алардын дээрлик 38 миңи балдар. 12 миң киши кайра үйүнө кайтты. Азыркы тапта 7,5 миңдей киши убактылуу ачылган жайларда жашап жатат. 26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча 65 миң калкы бар Күлсары аймагында абал оор, 7-апрелде куткаруучулар эки кишинин сөөгүн табышкан.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG