Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Бишкекте Эл аралык студенттик театр фестивалы өтөт


IX Эл аралык студенттик театр фестивалынын эн белгиси. Бишкек. Апрель, 2024-жыл
IX Эл аралык студенттик театр фестивалынын эн белгиси. Бишкек. Апрель, 2024-жыл

16-19-апрель күндөрү Бишкек шаарында "Жаңы ысымдар" деген аталыштагы IX эл аралык театр фестивалы өтөт. Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Азербайжандын театр адистигинде билим алып жаткан студенттер катышат.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 16-апрелде Кыргыз академиялык драма театрында болот.

Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири - Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин басма сөз кызматы кабарлады. Фестиваль жыл сайын чыгармачыл жаш театр искусствосуна тиешеси бар студенттердин – театр артисттеринин, режиссерлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда жаш таланттардын сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна дем берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп келет.

Фестивалдын жыйынтыгында түрдүү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:

– Мыкты спектакль
– Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
– Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
– Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
– Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
– Көркөм окуу
– Эң мыкты режиссура
– Эң мыкты драматургия
– Эң мыкты театр сыны
– Чыгармачыл жаштардын устаты

1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.

Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет.

2021-жылдан тартып "Эл аралык" макамга ээ.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG