Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев учурда бери дегенде Patriot үлгүсүндөгү жети абадан коргонуу комплексине муктаж болуп турганын билдирди. Ал 27-апрелдеги кечки кайрылуусунда өнөктөштөрүн чукул арада бул системалар менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө чакырды.
Украин армиясында учурда Батыштагы өнөктөштөрү жөнөткөн мындай бир канча система бар. Жакынкы убакта Германиядан дагы бир Patriot комплекси келери айтылган.
Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг уюмга мүчө өлкөлөр абадан коргонуу системаларынын кайсы бир бөлүгүн Украинага берүү, айрыкча Patriot комплекстерине басым жасоо тууралуу сүйлөшүп жатканын кабарлаган.
Мунун алдында АКШнын Коргоо министрлиги Украинага баасы 6 миллиард долларлык аскердик жабдык, ок-дары жөнөтүлөрүн билдирген. Анын арасында Patriot комплекси үчүн ракеталар бар, бирок бул жолку жардамга комплекстин өзү кирген эмес.
Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон.
Киев өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү толук колдоо таппай келет.
Facebook шеринеси