Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Кыргызстандын футзалчылары ооган командасына 5:3 эсебинде утулду


Кыргызстандын улуттук курама командасы Тажикстандын спортчулары менен тең чыккан
Кыргызстандын улуттук курама командасы Тажикстандын спортчулары менен тең чыккан

Тайланддын Бангкок шаарында футзал боюнча 2024-жылдагы Азия Кубогундагы мелдеште Кыргызстандын курама командасы 5:3 эсебинде Ооганстандын тобунан утулуп калды. Муну менен кыргызстандык футболчулар Дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Кыргызстандык футзалчылар 18-апрелде Азиянын учурдагы чемпиону Жапонияны 3:2 эсебинде утуп алган.

20-апрелде Тажикстандын спортчулары менен 2:2 эсебинде тең чыккан. Ошондой эле 22-апрелде Түштүк Кореянын спортчулары менен тең чыгып, оюн 5:5 эсебинде жыйынтыкталган.

Ал эми 24-апрелде Иран тобу менен ойноп, 6:1 эсебинде утулган. Кыргызстандык футболчулар 26-апрелдеги оюнда Вьетнамдын курамасын 3:2 эсебинде жеңген.

Кыргызстан С тайпасына Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен бөлүнгөн.

Эрежеге ылайык жарым финалга чыккан топтор Дүйнө чемпионатына жолдомо алат жана Кыргызстандын курама командасына мындай мүмкүнчүлүк бир дагы жолу туш келе элек.

Футзалдан Азия Кубогу 1999-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2010-жылга чейин жыл сайын болсо, 2010-жылдан тартып, эки жылда бир жолу Кубоктун ээси аныкталат.

Быйылкы мелдеш Бангкок шаарында 18-апрелде башталып, 28-апрелде жыйынтыкталат. Ага 16 команда катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG