Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

Үч округдагы шайлоо: түшкө чейин добуш бергендер 10% жеткен жок


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу үч округда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо саат 12.00гө карата добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Баткен шайлоо окуругунда 10 484 адам (9,33%), Ош округунда 8926 адам (7,12; ) жана Кара-Суу округунда 6900 шайлоочу (6,16%) добуш берди.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылган. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулган, шайлоочулардын саны 125 миңден ашат.

Баткен округунда 81 добушкана ачылды, шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат.

Бүгүн, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Жалпысынан үч округда 29 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.

Кыргызстанда буга чейинки шайлоолор дагы солгун өтүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG