Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Иран бутага тийип жарыла турган жаңы дрон чыгарды


Иранда жасалган жаңы учкучсуз учак. 28-апрель, 2024-жыл.
Иранда жасалган жаңы учкучсуз учак. 28-апрель, 2024-жыл.

Ирандын армиясы 28-апрелде бутага тийгенден кийин жарылып кете турган жаңы дрон менен тааныштырды.

Мамлекеттик Tasnim маалымат агенттиги жазгандай, жаңы дрондун аталышы азырынча ачык айтыла элек. Маалыматка караганда, ал 2020-жылы чыгарылган орусиялык Zala Lancet учкучсуз учагына окшош болушу мүмкүн.

Мамлекеттик агенттик жекшемби күнү жаңы дрондун видеосун жарыялады.

Иран акыркы жылдары учкучсуз учактарды көп чыгарып жатат. Иран өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" дрондорун орус күчтөрү Украинадагы согушта кеңири колдонот.

Тегеран Орусияга учкучсуз аппараттарды чогулткан завод курууга да жардамдашууда. Буга чейин АКШнын эскертүүлөрүнөн кийин Иран Орусияга баллистикалык ракета жеткирүү планын токтоткону кабарланган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG