Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Ташкентте таза суу үчүн карызы көптөрдүн суусу өчүрүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте таза суу үчүн карызы көптөргө суу берүү токтотулуп, сугат убактысына чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн 2-майда «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.

Ташкентте ичүүчү суу үчүн карыз кыскарбай, 200 миллиард сумдан (15,9 миллион доллар) түшпөй жатканы, ошондуктан шаар бийлиги андай абоненттердин суу түтүгүн магистралдык түйүндөн ажыратып баштаганы кабарланды.

«Ташкент шаардык суу камсыздоо башкармалыгы» ишканасынын маалыматына караганда, күн жылый баштагандан бери көптөгөн шаардыктар ичүүчү сууну короосуна отургузулган жашылча-бакты сугарууга колдоно башташат. Буга байланыштуу, өзбек өкмөтүнүн тийиштүү чечимине ылайык, таза сууну сугатка саат 00:00дөн таңкы 5:00ке чейинки аралыкта гана колдонууга уруксат берилет.

Былтыр декабрь айында Ташкентте таза суунун жана канализация кызматынын тарифи 2-3 эсе жогорулаган. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын борбор калаасында катардагы жарандар, бюджеттик мекемелер жана дүңүнөн колдонуучулар үчүн таза суунун тарифи бир метр кубуна 1400 сум (0,11 доллар) түзөт, ал эми мекеме-ишканалар үчүн – 3000 сум (0,24 доллар).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG