Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

Иран британиялык жана америкалык айрым жетекчилерге санкция жарыялады


АКШнын жана союздаштарынын Йемендеги козголоңчуларга каршы соккусу. Архив.
АКШнын жана союздаштарынын Йемендеги козголоңчуларга каршы соккусу. Архив.

Иран бир катар британиялык жана америкалык мекемелер менен жеке адамдарга санкция жарыялады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин 2-майдагы билдирүүсүндө Израилди колдогону үчүн британиялык үч компанияга жана сегиз жаранга санкция киргизилгени маалымдалды.

Арасында Улуу Британиянын коргоо министри Грант Шэппс, британ королдугунун Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командалык курамы, Кипрде жайгашкан, Йемендеги Иран менен байланышы бар экени айтылып жүргөн хуси козголоңчуларына чабуул жасалуучу британиялык авиабазанын жетекчилиги да бар.

Расмий Тегеран чечимин британ бийлиги «сионисттик режимдин террордук актыларын колдогону, мындай аракет Улуу Британиянын терроризмге каршы жана адам укугун коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин бузуу деп эсептелери» менен негиздеди.

АКШнын аймагында жайгашкан курал-жарак өндүрүүчү айрым ишканаларга, Израилди колдогон аналитикалык борбордун жогорку кызматкерлерине да санкция жарыяланганы кабарланды.

Санкцияга кабылган адамдардын баарына Иранга кирүүгө тыюу салынат, виза берилбейт, расмий Тегерандын юрисдикциясына караштуу аймактардагы банк эсептери камакка алынып, мүлкү конфискацияланат.

АКШ 4-февралга караган түнү Йеменде хусилердин дагы бир объектисин бутага алып, Кызыл деңиздеги кеме кыймылына коркунуч жараткан канаттуу ракетаны жок кылганын билдирген. Кызыл деңиз аркылуу өтүп жаткан коммерциялык кемелерге ондогон ракета менен чабуул койгон хуси согушкерлеринин өкүлү АКШнын жана Улуу Британиянын биргелешкен чабуулу жоопсуз калбай турганын айткан.

Ал эми Иран (анын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» жалпы Жакынкы Чыгыштагы козголоңчулар менен тыгыз байланышы бар экени айтылып келет) Кошмо Штаттарды бул аймактагы коопсуздукка бүлүк салып жатат деп айыптаган.

28-январда Иорданияда америкалык базага жасалган дрон чабуулунан Кошмо Штаттардын үч аскери набыт болгон. Вашингтон бул үчүн Тегеранды жана анын Сирия менен Ирактагы союздаштарын айыптаган.

1-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши, алардын ичинен Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөн. Бул үчүн Иран Израилди айыптаган.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, 170 учкучсуз учак, 120дан ашуун баллистикалык ракета, 30дай канаттуу ракета колдонулган, бирок Израил өзү жана союздаштары ошонун 99%, анын көбүн өлкөдөн тыш аймактан атып түшүрүүгө үлгүргөн.

19-апрелде Ирандын өзөктүк инфраструктура жана аскердик база жайгашкан Исфахан шаарынын аймагында чакан үч дрон кармалганын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришкен. Бир катар эл аралык маалымат агенттиктери дрондорду Израил учурганын АКШ бийлигиндеги булактарына таянып жазып чыгышкан. Бирок Иран Израилди айыптаган эмес. Израил өзү эч кандай расмий маалымат берген эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG