Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Кыргыз жарандарына зарыл болбосо Орусияга барбай туруу сунушталды


"Манас" эл аралык аэропортунан тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.
"Манас" эл аралык аэропортунан тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды зарыл иш болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырды.

Бишкек 2-майда тараткан билдирүүдө айтылгандай, дипломатиялык өкүлчүлүк "кыргыз жарандары Орусияга кирүүдөн жапырт баш тартып жатканы" тууралуу маалымат каражаттарында чыккан кабарлардын чоо-жайын териштирүүдө. Тышкы иштер министрлиги андай кабарлар дипломатиялык өкүлчүлүктөргө азырынча түшпөгөнүн белгиледи.

Министрлик муну менен катар Орусияга барууга жүйөлү негиз болбосо, сапарга аттанбай турууну сунуштады. Кошумча коопсуздук чаралары жана чек арадагы күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин Орусияга барбай туруу керектиги эскертилди.

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы акыркы кырдаалга жана анын кыргызстандыктарга тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүлүп жатканын да маалымдады.

Мурдараак Тажикстан өз жарандарына ушул өңдүү билдирүү жасаган.

22-мартта Москвага жакын жердеги "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан кийин борбор азиялык мигранттар басмырлоого кабылган фактылар көбөйгөн. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG