Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Лондондун мэрин шайлоодо Садик Хан үчүнчү жолу жеңишке жетти


Садик Хан
Садик Хан

Британиянын баш калаасынын мэрин шайлоодо лейбористтик партиянын өкүлү, Лондондун азыркы мэри Садик Хан үчүнчү жолу жеңишке жетти. Буга чейинки мэрлер калааны эки мөөнөттөн көп башкарган эмес.

2-майда өткөн шайлоодогу Хандын жеңиши тууралуу британ маалымат каражаттары ишемби күнү кабарлашты. Аны шайлоого катышкандардын дээрлик 44% колдоп, бир миллиондон көбүрөөк добуш алды.

Дагы бир талапкер, консерваторлордун өкүлү Сюзан Холл Ханга салыштырмалуу 10% азыраак добушка ээ болду.

Садик Хан 2016-жылы Борис Жонсондун ордуна Лондондун мэри болгон, 2021-жылы кайра шайланган.

2-май күнү Англиянын башка аймактарындагы жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өттү. Жалпысынан алганда, оппозициялык лейбористтер үчүн жергиликтүү шайлоолор ийгиликтүү болду. Бул алардын бир жылга жетпеген убакыттан кийинки парламенттик шайлоодо жеңип чыгууга шарт жаратышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG