Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Аскар Кубанычбек уулунун Орусияга чыгып кетиши боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат


Аскар Кубанычбек уулу сот залында. 24-январь, 2024-жыл.
Аскар Кубанычбек уулу сот залында. 24-январь, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолуп, кийин пробация аркылуу бошотулган кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулунун Орусияга чыгып кетиши боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

"Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Аскар Кубанычбек уулу 26-апрелде орусиялык журналисттерге маек берип, соттун өкүмүнөн кийин Кыргызстандан Казакстан аркылуу чыгып кеткенин жана Орусияда жашап, ушул өлкөнүн жарандыгын ала турганын билдирген.

27-апрелде Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк Кубанычбек уулу Орусиядан саясий башпаанек алаарын өзүнүн Телеграм-каналына жазган.

Быйыл 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон.

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти соттун токтомун албаганын билдирген. Департаменттин электрондук каттоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Асек Элмирбек уулу" Азаттыкка": "Бүгүнкү күнгө чейин соттун өкүмдөрү, соттун материалдары келген жок. Соттук акт колубузда жок болгондон кийин биз иш алып бара албайбыз", - деп билдирген.

Былтыр 30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн.

Ага чейин былтыр 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 10 жылга соттогон.

Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Өкүмдө Москвада жашап жүргөн кыргыз жараны 2022-жылы июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренеси “Жалданмачылык” менен кылмыш иши козголгон.

Ошол кезде Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган. Ушундан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ага орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Кыргызстандык эксперттер орус бийликтеринин демилгесин комментарийлеп, муну Украинадагы согушка карата бейтарап позицияны карманган Кыргызстандын расмий бийлигине кысым катары баалашкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдары эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG