Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөгөн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Министрлер кабинети турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин көзөмөлдөө боюнча токтом долбоорун 6-майда коомдук талкууга чыгарды. Документ Ички иштер министрлигине, Юстиция министрлигине, Финансы министрлигине караштуу Каржылык чалгын кызматына жана Улуттук банкка турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин көзөмөлдөөгө укук берүүнү көздөйт.

Эгер кооператив мыйзам бузганы аныкталса жана аны жойбосо, ыйгарым укуктуу органдар алты айдан ашпаган мөөнөткө анын ишин токтотуу чечимин чыгара алат.

Кыргызстанда былтыр 14 турак жай кооперативи боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев 17-апрелде парламентте отчет берип жатып билдирди. Жалпысынан бул кооперативдер боюнча 1 214 кылмыш иши бар, алардын 664ү сотко жөнөтүлгөн.

Кыргызстанда 2023-жылы 14 турак жай кооперативи боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев 17-апрелде парламентте отчет бергенде айткан. Жалпысынан кооперативдер боюнча 1 214 кылмыш иши бар, алардын 664ү сотко жөнөтүлгөн.

Быйыл жыл башында "Ихсан" турак жай кооперативинин Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кыргызстанда мындан башка да турак жай кооперативдерине каршы бир нече акциялар өткөн. Алар да уюмдарга миллиондогон акча салып, соңунда сызга отуруп калганына даттанышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG