Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:28

Түндүк Македонияда бийлик ашынган оңчул улутчулдар партиясына тийди


Гордана Силяновская-Давкова.
Гордана Силяновская-Давкова.

Түндүк Македонияда "Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясы" (ВМРО-ДПМНЕ) президенттик да, парламенттик да шайлоодо жеңишке жетишкени бул өлкөнүн балкандык коңшулары менен мамилеси начарлашы жана Европа Биримдигине мүчө болуу боюнча татаалыраак сүйлөшүүлөр башталышы ыктымал деген кооптонууну жаратууда.

ВМРО-ДПМНЕ ашынган оңчул улутчулдар партиясы президенттикке көрсөткөн талапкер, 70 жаштагы Гордана Силяновская-Давкова азыркы президент, бийликтеги социал-демократтар (СДСМ) колдогон батышчыл саясатчы Стево Пендаровскиден кыйла озуп чыгып, бул өлкөгө башчылыкка шайланган алгачкы аял президент болуп калды. Түндүк Македонияда президенттик кызмат церемониалдык болуп эсептелет.

Шайлоонун экинчи турунан кийин добуштардын 99,8 проценти эсептелип чыкканда Силяновская-Давковага тийген добуштар 65,1 процент болду. 29,2 процент алган Пендаровски утулганын моюнуна алып, «Жыйынтыгы түшүнүктүү болуп калды. Жеңишиңер менен куттуктайм» деп айтты.

Ал эми парламенттик шайлоодо ВМРО-ДПМНЕ партиясына добуштардын 43,2 проценти тийди. Эми ал 120 мандаттын 58ин алат.

СДСМ партиясы Түндүк Македонияны жети жыл башкарды.

ВМРО-ДПМНЕ шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болуп кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдүн шартын өзгөртөрүн убада кылып, жакырчылык жана коррупция Түндүк Македониянын негизги көйгөйлөрү экенин айтып келди.

Македониялыктар Евробиримдикке талапкер макамын 2005-жылы алышкан.

2019-жылы Грекия менен талашын чечкен соң Македония өзүнүн аталышына Түндүк деген сөздү кошкондон кийин ЕБ менен НАТОго кошулууга даярдыгын баштаган. НАТОго 2020-жылы кошулган. Кийин тарых жана тил маселелери жөнүндө талашка байланыштуу Түндүк Македониянын Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүнө коңшу Болгария бөгөт койгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG