Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

9-май: Бишкек милициясынын мурунку башчысы акталды, Анкара Metaга 17 млн доллар айып салды


Канатбекованын киши колдуу болгон өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы менен бир нече акция өткөн.
Канатбекованын киши колдуу болгон өлүмүнөн кийин кыз-келиндерге зомбулукту токтотуу талабы менен бир нече акция өткөн.

9-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Айзаданын өлүмү: Сот Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысын актады

Бишкектин Биринчи май районук соту уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаардык милициясынын мурдагы жетекчиси, шалаакылыкка айыпталган Бакыт Матмусаевди актаган чечим чыгарды. 2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Ондогон милиция кызматкерине "шалаакылык" деген берене менен иш козголгон.

Жапаров ЕАЭБде “кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө мейкиндик” түзүү керектигин айтты

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 8-майда Москвада өткөн мааракелик отурумунда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу кенен билдирүү жасады. Жапаров Кыргызстандын экономикасы былтыр тарыхый чектен өтүп, дээрлик 1,3 трлн сомду түзгөнүн айтты. Кыргызстандын биримдикке мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсү 76% өсүп, 2,5 млрд доллардан 4,4 млрд долларга чейин жеткен. Мунун ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө Бишкектин экспорту 3 эсеге, импорту 50% жогорулаган.

Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган митинг-реквием өттү

Жеңиш аянтындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквиемге кыргыз бийлигинин өкүлдөрү, согуштун ардагерлери, шаар тургундары, меймандар жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты. Алгач "Өчпөс отко" гүлчамбар коюлуп, согуштман болгондор эскерилди. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада парадга катышты. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

ЖЭБде жараат алгандар Түркиядан кайтып келет

Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу Бишкектин жылуулук электр борборундагы кырсыктан жабыркаган эки кыргызстандык бейтаптын дарылануусу аяктаганын, алар 9-майда Кыргызстанга учуп келерин Фейсбук баракчасына жазды. 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылууда беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингдин катышуучуларына кол салуу болду

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы митингге чыгып, акция учурунда жабыркаган үч кишиге, алардын ичинен оппозиционер саясатчылардын бирине жасалган кол салуу боюнча иш козголуп, тергөө башталганын өлкөнүн ички иштер министри Вахтанг Гомелаури билдирди. Окуя 8-майдын кечинде болгон. Соңку кезде митинг өтүп жаткан жерлерге белгисиз бирөөлөр барып, адамдарга кол салган окуялар каттала баштады.

Пакистанда жети чач тарачтын өмүрүн алган окуя иликтенүүдө

The Associated Press (AP) агенттиги жергиликтүү полициянын маалыматына таянып билдиргендей өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан провинциясынын Гвадар шаарында кылмышкерлер үйлөрдүн бирине таң эрте кирип барып, жети кишини атып кеткен. Каза болгон чач тарачтардын баары Пенжаб провинциясынан баргандар экени, Гвадарда чогуу жашап, иштеп жүрүшкөнү кабарланды.

Анкара Metaга 17 миллион доллар айып пул салды

Түркиянын Монополияга каршы кызматы Meta компаниясына 552 миллион лира (17 миллион доллар) айып пул салганын жарыялады. Түрк бийлиги компанияны "социалдык тармактарда жаңы атаандаштарга тоскоол болгон" деп күнөөлөп жатат. Meta компаниясынын Түркиядагы өкүлчүлүгү азырынча комментарий бере элек.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG