Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Германия Украинага HIMARS ракеталык системаларын жеткирет


Германиянын коргоо министри Борис Писториус.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинага HIMARS ракеталык системасынан үчтү жеткирерин билдирди. Бул тууралуу ал АКШдагы сапары маалында 9-майда жарыялады.

“Биз америкалыктар менен кызматташтыкта Украинага үч HIMARS системасын жеткире турганыбызды ырастай алам”, - деди Писториус. Маалыматка караганда, системалар америка куралдуу күчтөрүнүн запасынан жиберилет, акчасын Берлин төлөйт.

Бул ракеталар 80 чакырым радиуска чейин сокку ура алат. Буга чейин Вашингтон Киевге 30 HIMARS берген.

2024-жылдын февралында Украина менен Германия Киевге узак мөөнөттүк колдоо көрсөтүү жана коопсуздук тармагында макулдашууга кол коюшкан. Украинанын президенти Владимир Зеленский аны "буга чейин болуп көрбөгөндөй макулдашуу" деп мүнөздөгөн. Келишимдин алкагында Берлин Киевге бул жылы 7 миллиард евролук жардам көрсөттү.

Ал эми апрелде Германия бийлиги Украинага орус армиясынын чабуулдарынын мизин кайтаруу үчүн Patriot абадан коргонуу системасын жеткирерин жарыялаган.

Зеленский ыраазычылыгын билдирип, башка лидерлерди немис канцлери Олаф Шольцтон үлгү алууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG