Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Соода борборлордун кайтарылган аянттары мамлекеттин менчигине өткөрүлөт


"Ала-Арча" соода борбору.
"Ала-Арча" соода борбору.

Бишкек шаарындагы "Ала-Арча", "Томми молл" соода-оюн-зоок борборлорунун кайтарылган аянттары мамлекеттин менчигине өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин коомдук талкууга чыгарылган "муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтомунун долбоорунда белгиленген.

Документ азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу жана Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин протоколдук тапшырмасына ылайык даярдалганы белгиленген. Сөз "Ала-Арча", "Томми молл" жана "Паллада" соода-оюн-зоок борборлорунун объекттери жөнүндө болууда.

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргызстандын мыйзамдарынын 10, 11-беренелерине ылайык, муниципалдык менчикте турган мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү, алмаштыруу же мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүү жолу менен ажыратылышы мүмкүн. Мамлекеттик менчигине өткөрүлүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин акысыз ажыратуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт", - деп белгиленген долбоордун маалымакат-негиздемесинде.

Былтыр декабрда УКМК “Ала-Арча” соода жана оюн-зоок борборунун 2000 чарчы метр аянты, быйыл апрелде "Томми моллдун" 1257,5 чарчы метр аянты мамлекетке алынганын билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG